www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен бала кезде болгон. Мен ошондо жетинчи класста окусам, ал өлүп-тирилген бала армиядан жаңы гана келип совхоздо иштеп жаткан. Негизинен ит адамга жакын, башка жаныбарларга салыштырмалуу акылдуу да болушат. Тээ илгери таш доорунда биринчилерден болуп адам баласына ит келип жакындашып, анан бизге кызмат кылып кеткенин бардыгыбыз эле эң жакшы билебиз. Ошондуктан иттерди таш менен уруп кубалабай, тескерисинче курсагын тойгузуп сыйлашыбыз керек.

Ошол мезгилде өлүп, иттин жардамы аркылуу кайра тирилип, аман калган бала азыр үйлүү-жайлуу болуп, борбор калаабызда маршрут автобусун айдап эл ташып жүрөт. Мен аны кез-кез көрүп калам калаадан.

Күтүлбөгөн жерден дал эле айылыбыздын орто ченинде жашаган Камилдин үйү жагы ызы-чуу боло айылдыктар ошол жакка топтолуша башташты.

-Эмне болду?

-Камил байкем токко урунуп өлүп калыптыр.

-Тобо, мен аны азыр эле көрбөдүм беле, бир аз кызуу болчу, Канат байке экөө үйүн көздөй кетип баратышкан, мен жолдон учурашкам.

-Эми кырсыкда.

Иштин чоо-жайын билгени арыдан-бери кийине салып, мен да ошол тарапка шашыла жөнөдүм. Топтолушкан көпчүлүк Камилди чечиндирип туруп күлгө көмүп жатышыптыр. Ток энергиясын күл соруп алып жүрөгү кайрадан иштеп тирилип кетеби деп ойлошсо керек.

Аны күл астына бир сааттай кармашты, анан айылдын молдосу "болбойт, мунун денесин күлдөн жакшылап жууп-тазалап туруп жаткыргыла да, жайына узатканга даярдана бергиле" деди. Үйүндөгүлөр ызы-чуу болуп эле жатып калышты. Мен дагы көмөк көрсөтүшүп суу куюп берип жуушкам аны. Бат эле сыртка үйдүн жанына боз үй тигилип, Камилди ичине алып кирип жаткырышты. Ошондон көп өтпөй эле эл өкүрүп келе башташты. Мен кызыктыдай абалда болуп турдум, аны менен азыр эле сүйлөшпөдүм беле.

Көрсө, окуя мындайча болуптур. Камил Канат байке экөө өздөрүнүн үйүндөгү бөлмөдө телевизор оңдоп отурушуптур. Сыягы, Канат байкенин телевизору окшойт. Камил байке телевизорду жакшы оңдочу, бүт айылдыктар ошого оңдотушчу. Камил байкенин жаман жери ошондон түшкөн акчага ичип алчу. Дайыма ичип мас болуп жүрчү. Бул жолкусунда да кызуу кезинде жолуккам деп айтып атпаймынбы. Ал телевизорду розеткага сайган боюнча суурубай унутуп калып оңдой бериптир, мастыкта баары боло берет да. Анан ток урса керек. Эми бул да болсо Кудайымдын буйругу да. Кадимкидей ырым-жырымы жасалып, үч күндөн кийин жайына тапшырылды. Жаназага туруп, топурак салганы мен дагы баргам. Анан үчилик, жетилик деген ырьш-жырымы жасалды. Ызы-чуу кайрадан тынчып, жергиликтүү эл өз тириликтерин өткөрө баштады. Бирок көп өтпөй эле кайрадан Камилдин үйү жактан ызы-чуу башталды.

-Эмне дагы бир нерсе болдубу?

-Болгондо да кандай дейсиң, алиги өлгөн Камил кайра тирилип келиптир.

-Койчу кандайча?

-Ошондойчо, ишенбесең анда өз көзүң менен барып көр.

Жүрөгүм элеп-желеп боло, бир ишенип, бир ишенбей Камилдин үйүн көздөй кадам таштадым. Барсам үйүндө эл көп. Төрдө Камил отурат, кычырап жаңы кийим кийгизип төркү үйгө отургузуп коюптур. Мен таң калып аттым "кантип тирилип кайтып келди?" деп.

Ар бир келген кишиге окуяны атасы өзү айтып берип бабырап отурду. Көрсө, окуя мындайча болуптур.

-Уулумду жайына тапшырып, үчилигин, жетилигин өткөргөндөн кийин эле үйүбүздөгү итибиз бир жакка жоголуп кетип, кайра пайда болуп калып улуй баштады. Өзөчө түн ичинде таң атканча улуп, анан үрүп чыгат. Кайрадан жок болуп кетет.

Иттин улуганы бизге жаман угулуп атты.

-Бул эмне тыбырчылап улуп калган, бир балээнин белгисин туюп жатабы? Деги дагы жамандык болбосо экен, - деп биз дагы итги жаман көрүп кубалап жиберип аттык. Анан эле ал кайра пайда боло калат да, тыбырчылап жер чапчып, асманды карап үрүп, бизди карап үрүп, кээде улуп ийип бир жерге тура албай жаны жай албай жатты.

-Бул итке кутурма тийген жокпу, мунун көзүн курутсаңарчы, башкаларга жугуп кетпесин.

Атүгүл аны мылтык менен атып өлтүрмөкчү да болгонбуз. Ал арсылдап үрүп мүрзө тарапты көздөй жүгүрүп кетет дагы, кайра жүгүрүп келип үрө баштайт. Бир нерсени терең баамдаган сексен жаштагы тиги Сагындык карыя баарыбызды колу менен жаңсап токтотуп итке кылдат карады.

-Коё тургулачы, бул ит жөндөн жөн тыбырчылап үрүп аткан жок, ал бир нерсени сезип үрүп атат. Бул эмнеге мынчалык жанталашып үрүп жатат болду экен?

Биз иттин артынан ээрчигенде, ал дароо эле алдыга түшүп алып жүгүрүп жөнөдү. Биз болсо анын соңунан жөнөдүк. Ал түптүз эле айыл четиндеги мүрзөлөр жакка багыт алды. Жүрөгүбүз түпөйүл тарта иттин артынан ээрчип жүрүп отурдук. Ал мүрзөлөрдү аралап чуркап барып түз эле Камилдин жаңы гана үйүлгөн топурактарынын жанына келди дагы, улуп-уңшуп топурактарды челе баштады. Эч нерсеге түшүнбөй туруп калдык. Кез-кез жер алдынан угулар-угулмаксан үн пайда болуп кеткенсип атты. Ошондо гана Сагындык карыя мүрзөдөгү жаңы үйүлгөн дөбөнү кайра казууга буйрук берди. Көп өтпөй айылдын имамын, молдолорду кошо алып келишти. Атүгүл айылдык участкалык милициясы да жетип келиптир. Анан молдонун уруксаты менен көрдү кайрадан казып ачтык. Ичинен уулум Камил кадимкидей жылмая тарта чыгып келе жатпайбы. Көрсө, ток уруп өлгөндөн кийин ным топуракта жата берип, топурак токтун барын өзүнө соруп алып уулум кайра калыбына келсе керек. Мунун баарын жүрөгү сезип-туйган итибизге миң мертебе рахмат.

Ал болбосо... Кудайыма тобо, уулумдун али ичээр суусу бар экен. Ошо күнү алар маркумдарга арнап кой союп куран окутушту, анан тойго айлантышты. Мына, андан бери канча жыл өттү, Камилди өлүмдөн алып калган ал ит эбакта эле оо дүйнөгө кеткен. Итти эстеген эч ким деле болгон жок. Ал эми Камил байке болсо үй-жайлуу, үй-бүлөлүү аман-эсен калаада жашап жатат. Кээде "ошол өзүн аман алып калган итти эс-тейт болду бекенби?" деп да ойлоп коём. Бир күнү жолукканда, ошол иттин эмне болгонун сурайын деп жүрөм. Ошондуктан иттерди дагы сыйлашыбыз керек. Короочу болуп үй кайтарат, мал кайтарганга жардам беришет. Өзүнүн ээсине гана берилип кызмат кылат. Ушул ит жылында иттерге өзгөчө көңүл бөлөлүчү, туугандар.

Булак: “Шамбала”

Последние новости