www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ийри -буйру узун жолдо узун ойго түштүм. Тибетке барам деп чечкен күндөн баштап, Кыргызстандын мазарларын кыдырып Алайга, Сулайман тоого, Манас Ата ордосуна жана Бишкектен алыс эмес “Жылуу Булак” деп аталган жактагы “Календер Ата” жана “Азиздер Мазарына” барып зыярат кылып келгеним жакшы болгон экен. “Азиздер Мазарында” 3 күн түнөп, мистикалык окуяларга туш болгом. Ал туралуу кийинчерээк кенен сөз кылам. “Азиздер Мазарында” жүргөнүмдө, мазардын чыракчысы Чынара жогору жакта шаркыратма бар экенин, энергиясы күчтүү экенин айтып калды. Аймира баштаган бир топ адам барып келмей болук. (Аймира Уристемова “Азиздер Мазарында” өзүнчө палатка тигип, Бүбүмариям эжеке- биздин “Айкөл Манасын” орусча которуш үчүн аян боюнча 41 күнгө келген экен. Чындыгында анын эркине таң калдым. Себеби, «Азиздер Мазары» деп аты айтып тургандай бул мазар жыландардын ордосу болгондуктан, жыландар күтпөгөн жерден алдыңдан чыгат. Мына ушундай жерде Аймира өзүнчө палатка тигип, жашап жатыптыр. Бул тууралуу да сөз кийин болсун.) Шаркыратмага баруу үчүн эртең менен эрте туруп, жолго чыктык. Чындыгында кыргыз жеринин кооздугуна сөз жетпейт. Арчаларды аралап, аркайган таштарды айланып өтүп кооздукка суктанып 7 км жол басып көздөгөн шаркыратмага да жеттик. Мен эки уулум, кызым, эки неберем да биз менен болчу. Ала келген тамак-аштарды жайып, Ата бабаларга багышталып бышырылган май токочторду алып чыгып мазар ээлерине, бабаларга багыштап куран окуп, сыйынуу кылгандан кийин суудагы таштардын тайгалак экенине карабай, бийиктиктен күч менен агып түшкөн шаркыратманын дал ортосуна кирип, беш мүнөттөй турдум.

Бийиктиктен кулаган мөңгүнүн мупмуздак тамчылары денеңди тешип кетчүдөй болуп укмуштуудай ырахат тартуулайт. Жанатан бери шаркыратманын четине барып, кайра качып аткандар мени көрүп намыстанышты окшойт, кээси шаркыратманын ортосуна кирип кайра чыгып атышты. Уулум Улан мени көргөндөн кийин шаркыратманын ортосуна кирүүгө аргасыз болду. Суудан чыккандан кийин ушунчалык жеңилденүү болуп, денеңден оор бир нерсе сыйрылып түшүп, суу менен агып кеткендей сезим келип, жепжеңил болуп учкуң келип калат. Чындыгында адамдын денесинен орун алган оор, терс энергия муздак суунун алдында шок абалга келип, терс энергия денеден чыгып кетет. Шаркыратмага барып-келиш жол баш аягы 14 км жол болчу. Көрсө ошондо алыс жолду басууга болгон менин алгачкы даярдыгым экен. Эртең менен кетип, кечке жуук бутубузду тарта албай келдик эле. Мына эми бир күндө 18-20 км таштак жолду, 5000 бийиктикте басып жатабыз.

Ошентип түнөй турган жерге күн батаарга аз калганда 11 саат жол басып жеттим. Жайчы атамдын колдоосу менен жамгыр жаабай турганына ыраазычылык билдирдим. Биздин топтогу питерлик 35 жаштагы аял менен жаш жигит менден 2 саат эрте келип, бул жерге түнөбөөнү чечип, дароо эле Дарченге кеткенин билдим. Себеби, зыяраттын үчүнчү күнү эң оңой – 3-4 сааттык жол деп айтышкан. Бул жердин шарты чындыгында айла жоктун иши. Ошондой болсо да «Алыбек алына жараша» дегендей, эс алган жерге аман-эсен жеткениме сүйүндүм. Жаткан жерибиз баягыдай шарты жок 5 кишилик бөлмө. Ошондой болсо да бутту сунуп жуурканга оронуп жатып эс алганга мүмкүнчүлүк бар экени сүйүндүрөт. Негедир ачка болуу сезим таптакыр жок. Аябай чарчап жана үшүп келгендиктен кийим которуп, тамакка да көңүлүм чаппай жатып алдым. Бөлмөгө кирип келген Светлана колу менен жаңсап менин аман-эсен келгенимди куттуктап, колунун бармагын көрсөтүп, эки колун бириктирип саламдашып койду. Света биздин топтогу берки үч аялдан айрымаланып көп сүйлөбөйт жана руханий даярдыгы жакшы, жандүйнөсү таза адам. Көп жылдан бери йога менен машыгып, башкаларга сабак да берет экен. Экөөбүз таанышкан күнү эле жылдызыбыз келишкен бирок тиги үч аялдын сөзүнөн чыга албайт. Балким өз улутундагы аялдардан бөлүнүп калгысы келбегендир. Ошондой болсо да жолду карай экөөбүз бири-бирибизди сүрөткө тартып келе жатабыз. Ал эми Кайлаш тоосун айланган күндөн бери Света мауна кармап жүргөн. «Мауна» деген мындайча айтканда үн чыгарып сүйлөбөй, ички дүйнөсү менен болуу. Мен деле атайы кармабасам да мауна кармагандай эле болдум. Себеби, биздин топтогу үч аялдын кер какшык терс мамилесинен кийин мен деле эч ким менен сүйлөшпөйм. Топтогу аялдар менен муздак мамиле түзүлгөнү бир чети жакшы болгон экен. Себеби, жолду карай өз дүйнөм менен болуп, бардык күчүм, убакытым сыйынууга жумшалды. Жардамды адам баласынан эмес, Жараткандан күтүү керек экени миң жолу далилденди. Кудайга канчалык жандүйнөң менен ишенип сурансаң, Улуу Теңир ошол замат жардамга бирөөлөрдү себепчи кылып жиберет эмеспи. Ошондуктан, башка улуттан өздөрүн акылдуу да, бийик да көрсөткүсү келген тиги аялдарга Кудайым өзү тараза болсун деп аларга таптакыр көңүл деле бурбай калдым. Бул деле жөн жерден болуп жатпаса керек? Демек, Кудай мага кандайдыр бир сабак алышымды же жыйынтык чыгарышымды каалап жатса керек.

Аябай чарчап келгендиктен кийинки келген аялдар жүктөрүн шалдыратып жаткандары же эшикти ачып жаап калдыр шалдыр болуп жаткандарына көӊүл бөлбөстөн таттуу уйкуга кеттим. Дирилдеп аккан кан Көөдөй караңгыда бирөө ойготкондой капысынан ойгондум. Ойгоноорум менен мурдумдан жылуу бир нерсе агып келе жатканын сезип, негедир «мурдум канады окшойт» деген ой келип, жатаар алдында рюкзактын үстүнө жайып койгон жанымдагы сүлгүнү алып мурдума тосо койдум. Чын эле мурдум канап баштаптыр. Бөлмөдө күркүлдөп жөтөлүп, анда санда онтогон Анянын үнү угулду. Дагы бирөөсү кыӊкыстап оор дем алып кыйналып жатыптыр. Бөлмөнүн ичи көзгө сайса көрүнгүс караңгы экен. Акырын кол чыракты жарык кылып сүлгүнү карасам канга боёлуп калыптыр. Башымдын тамырлары жарылчудай зыңылдап ооругандай болсо, жанымды көзүмө көрсөткөндөй эле болуп жатат. Бир аз убакыт утур сүлгүнүн кургак жерин тосуп токтойбу деп үмүт кылсам токтоочу түрү жок. Кан дирилдеп агып, заматта сүлгү былчылдап канга толуп чыкты. Башкаларды ойготуп албайын деп, кечээгиден калган бир таблетка дарыны таап суу менен ичтип, бөтөлкөдөгү сууну алып сыртка чыгууга туура келди. Сыртта да капкараңгы экен. Бир азга арыраак барып бети колумду жууп, сүлгүнү да бир аз чайкап сыгып кургактаган болдум. Заматта денем чыйрыгып калчылдап чыктым. Теребел жымжырт. Жада калса иттердин да үнү угулбайт. Муздак сүлгүнү чекеме басып тургандан кийин мурдумдун канаганы токтой баштаганда бөлмөгө кирдим. Мурдум канап шаштым кеткенде жылуу кийим кийгенге да жетишпей калгам. Башкалар ойгонбосун деп жылуу кийимдерим кийип сыртка чыктым. Таза аба көӊүлүмдү ачып, асманда сээп койгондой жымыӊдаган жылдыздарды карап ойго баттым. Жылдыздардын ушунчалык көп көрүнүшүн көптөн бери көрө элек элем. Себеби, шаардын таза эмес абасынан алыскы жылдыздар көрүнбөйт эмеспи. Кандай керемет! Жараткан кандай зор күч!

Башымдын жарылчуудай лукулдап ооруганы аздап басылып жеӊилдей түштүм. Мурдумдун канаганына азыр бир чети сүйүнүп турдум. Башымдын кан тамырлары жарылып кетсе эмне болот эле? Кудай эле сактасын, Костяга окшоп ооруп калсам бул жерде же машина жок, же врачтар жок... Кой, кой анын бетин ары кылсын, тфу, тфу деп жаман ойлорду өзүмдөн кууп, Кудайга жалынып Кайлаш тарапка көз чаптырдым. Караңгыдан жарк этип, нур сыяктуу элес көрүнө калып жок болду. Сезимимде Манас ата деп билип, демек баары жакшы болот экен деп, колдоосуна ыраазычылык билдирип бөлмөгө кирдим. Анянын жаны кыйналып онтолоп жаткан экен. Эшиктин жабылышынан ойгонуп кеткенинен «эмне жардам керек?»-деп сурасам, «ысык чайың барбы?»- деп сурады. Термостогу ысык чайдан куюп берип жатсам, Света менен Вика да ойгонуп кетти. Вика дароо эле башы катуу ооруп жатканын айтып, кол чыракты күйгүзүп дары ичүүгө камданды. Света гана үн-сөзсүз дарыларын алып чыгып иче баштаганда, ал да ооруп атканын билдим. Жанагы дарынын күчүбү же мурдум канап эс ала түштүмбү, айтор башым басыла баштады.

Зыяраттын 3-күнү

Эртең менен Сонам келип баарыбызды ойготуп ашканага чакырды. Эртең мененки тамагыбыз баягы эле сууга бышкан жумуртка менен бир калама жана чай. Биздин топтогу эркектер да көбү ооруп, кыйналып жаткандарын айтышты. Термосторго кайнак суудан куюп жолго чыктык. Сонамдын айтуусу боюнча бүгүнкү жол эң оңой. Албетте, эки күн ашуу менен бийиктикке чыкканга караганда, түз жол менен басуу оңой эле болуп калса керек. Бүгүн түз жол менен 3-4 сааттык жол басып Дарченге жетебиз жана ал жерден түштөнүп алып Манас көлүнө барып түнөйбүз.

КАЙЛАШКА КАЙРА БАРУУНУ САМАП...

Эртең менен турганда башымдын оорусу басылып, денем жеңилденип калыптыр. Ушул жакка келгени таң калычтуусу бутум таптакыр ооруган жок. Былтыр Москвадан буттарым шишип, таптакыр баса албай аябай кыйналгам. Негизи эле мага Москванын энергетикасы жакпайт. Айла жок иштер менен барып калсам кайра кеткиче шашам. Ал эми метронун энергиясынын оорун айтпа, сезимтал адам үчүн өтө эле оор. Ал эми бул жерде өтө бийик болгон үчүн гана кычкылтек жетпей дем алуу оор болбосо, көп басуудан буттарым ооруган жок. Непалдан Сурадж менин кийимдеримди көрүп тоого мындай кийим жарабайт деп дүкөндөрдү кыдыртып атайын тоого кие турган батинка, эки кабат шамал, суу өтпөгөн куртка, термо бельелорду алдырганы жакшы болгон экен. Тибетте кийимди ысыганда утур бирден чечип, үшүгөндө биринин үстүнө бирин кие турган кийим болуш керек экен. Ѳзгөчө тоо ташка ылайыктуу альпинистер кие турган ыӊгайлуу бут кийим болушу зарыл. Бут кийимиӊ тар болсо, дүйнөнүн кеӊдиги курусун деп коет эмеспи. Ошондуктан үч күндөн бери жакшы бут кийим алдырган Сураджка ыраазы болуп келе жатам. Балдарым да интернет менен байланышкан сайын «бутуңуз ооруган жокпу?» дешип кабатырланып сурап атышты. Кудайга шүгүр, негизи кечээги ашуудан кыйналганым болбосо баары жакшы.

Тамактан кийин баарыбыз жолго чыктык. Чындыгында мурунку эки күндөгү жолго караганда бүгүнкү жол оңой болчудай. Бирок, телефонумдун заряды түгөнүп, заряддаганга свет жок болгондуктан эми сүрөт тарталбай калаарымды ойлоп телефон заряддаган өзүнчө акумлятор алып албаганыма өкүндүм. Бүгүнкү жол мурунку эки күнгө салыштырмалуу гана жеӊил болбосо, бул жол деле оӊойго турбайт. Ошондой болсо да өзүӊ менен өзүӊ болуп, ар кандай ой толгоо жана ибадат менен алаксып баратып арышыӊ арбый бергенин байкабай каласыӊ. Утур демиӊди басып эс алып, кайрадан сапарыӊды улап жолду арбытуунун алакетинде болосуӊ. Сурадждын жоктугу көп маалыматтан мени артта калтырып жаткандай болуп жаман болдум. Сонамдын англисче сүйлөгөнүнө түшүнбөйм. Себеби жолду карай ар кандай сырдуу таштар бар деп уккам. Мисалы, Миларепанын колунун, таманын издери бар таштар бар деп укканым бар эле. Бирок, ал таштар жолдун боюнда эмес болгондуктан аны билген гана адам таппаса, кайсы жерде экенин билбейм. Сонам жол баштап алдыга кетет. Аны менен теӊ тайлашып басуу кыйын. Сонам деле зыяратка чыккан адамдарды коштоп жүргөнү менен өзү да зыярат кылып жүргөнүн айткан. Тибеттиктердин ишениминде 108 жолу Кайлашты айланган адам аруулукка жетет.( Просветление) Үчүнчү күнү Кайлашты айланууда Кайлаш тоосу бул жактан көрүнбөйт экен. Бирок тоолор кооз, суу жээктеп келе жатып утур бир кооз аскаларды карап, телефон заряды жок иштебей калганына өкүнүп келе жаттым. Ошентип элдин артында да алдында да эмес болуп басып отуруп, Дарченге түштө эле келип калдык. Дарченде биздин автобустардын жанында жүктөрүбүз жүктөлгөн топоздор эчак эле келип күтүп турушуптур. Биздин топтун акыркы адамдары келип чогулгуча күтүп, анан баарыбыз кафеге тамактанууга кирдик. Тамак даяр болгуча телефонум заряддап, интернет аркылуу туугандарыбыз менен байланышып, аман-эсен зыяратыбызды аяктаганыбызды кабарладык. Дарченге келээрибиз менен Костянын абалын сурадык. Сурадж чалып, Костяны ооруканадан чыгарып, эртең биздин топко жолдон кошулаарын айтты. Кечээ түнөбөй бизден эрте кетип калышкан Дима менен Вика да келип биздин топко кошулду. Экөө тең катуу ооруп калышыптыр. Топтогулардын көбүнүн оозуна учук чыгып, бири күркүлдөп жөтөлсө, бири кара көк тартып катуу кыйналгандары көрүнүп турат. Бизден башка топтогу бир жаш жигит экинчи күнү ашуудан бутун сындырып алып ооруканада жатканын угуп, Жаратканга миң мертебе ыраазычылык билдирдим.

Чындыгында орустарга окшоп, ар түрдүү дарыларды кочуштап ичпей эле касиеттердин жардамы менен аман-эсен келгеним - бул Манас ата баштаган аталардын колдоосу экенин түшүнүп турдум. Автобуска түшүп жатып Кайлаш тоосу менен коштошуп ыраазычылык билдирип жатып, негедир жүрөгүм тызылдай түштү. Үч күндөн бери тарткан жол азабы тез эле унутулуп, Кайлаштан кетким келбей жатканын ойлоп, Кайлаштын магниттей өзүнө тартып турган касиетине таң калдым.Эмнеге баргым келип жатканын деле түшүнбөйм. Мен эле ушундай сезимде болуп жаткан экемин десем биздин топтогу адамдардын көбү ушундай ойдо экен. Көбүнүн эриндери жарылып, кеберсип өӊдөрү кара көк болуп үч күндө бир топ өзгөрө түшүшүптүр. Кайлашка кайра барууну дилимде самап, Кайлаштын карааны көрүнбөй калгыча көзүмдү албай ичимден, «дагы бир жолу келгенге Кудайым насип кылсын»- деп тиленип да, сыйынып да, коштошуп бараттым.

Алдыда «Ракшас Тал» же «Шайтан көлү» деп аталган көлгө барып, андан ары Манас көлүнүн жанындагы баягы мейманканага түнөмөк болуп автобуска түшүп жолго чыктык.

Лариса Асанбекова, парапсихолог

(уландысы бар)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости