www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
4-майдан баштап Ысык-Көл облусунун тургундарына башка аймактарга барууга тыюу салынат. Бул чечимди Облустук ыкчам штаб кабыл алганын Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймак тургундары жүйөлүү себептер менен башка региондорго барууга, райондук, мамлекеттик администрациялардын жана Каракол, Балыкчы шаардык мэриялары тарабынан берилген өткөрмө уруксат кагаздарынын негизинде чыга алышат.
"Кайра облус аймагына кирген учурда жарандар милдеттүү түрдө экспресс-тест же ПЦР-анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалым кат көрсөтүшү керек. Мындан тышкары, 14 күндүк үй карантинине алынат. Бул шарттар Ысык-Көл облусунун аймагына кире турган адамдардын бардыгына тиешелүү", — деп айтылат маалыматта.
Облустук ыкчам штаб бул шарттарды түшүнүү менен кабыл алып, өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын сактоого чакырат.
Белгилей кетсек, облус аймагында коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3-майга карата 10 кишиге жетти.
Булак: NazarNews.kg