www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева NazarNews маалымат агенттигине акыркы учурда соцтармактарга мигранттарды алып келүү боюнча тараган үнү тууралуу маек курду.

--Токтайым эже, интернетте сиздин мигранттарды алып келем деп убада берген үнүңүз тараганы талкууга түштү.  Чын эле сиз мигранттарды алып келүү аракетин жасап жатасызбы же бирөөлөрдүн эмгегинен упай топтоо менен алек болуп жатасызбы?

--Мен бирөөнүн эмгегин уурдап алайын же бирөө жасаган мээнеттен упай топтоп калайын деген жерим жок. Бул ишке жардам сурап кайрылган мекендештерибиздин маселесине кайдыгер карай албадым. Көп мамлекеттерде коронавирустун айынан карантин жарыяланды. Социалдык тармактардан, вотцаптан “үйүбүзгө кантип кетебиз, жардам бериңиз” деген бир канча кайрылуу келди. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, чет өлкөлүк ыктыярчы балдар менен байланышып, жардам сурап жаткандар менен ыктыярчыларды кошуп,  вотцаптан топторду түздүк. Ал топторго Дубайдан, Таиланддан, Катардан, Россиядан, Оренбургдан, Сол-Илецтен жана башка өлкөлөрдөн келе албай жаткан жарандарыбызды  киргиздик. Бүгүнкү күндө 12 ыктыярчы бул маселенин үстүндө иштеп жатат. Алар билетке акчасы барын, таптакыр акчасы жогун тактап, тизме түзүп жатышат. Кыргызстанга кете турган акчасы жогунун маселесин чечүү үчүн бул жактан депутаттарга, белгилүү саясатчыларга, коомдук ишмерлерге кайрылып, алар менен түз байланыштырып жатабыз. Айрым депутаттар бир эмес, экинчи ирет билет алып беришти. Алар Нурбаев Абдывахап,  Мирлан Жээнчороев, Дастан Бекешов, Бакыт Сыдыков, Самат Ибраев, Кенжебек Бокоевдер. Буларга оор күндөрү мекендештерибизге колдоо көрсөткөнү үчүн чын дилден ыраазычылыгымды билдирем. Айрымдары атын атабай эле каражатын салып жатышат. Бул эле эмес жарандарыбызды чыгарып кеткенге чек араны ачып берсин деген маселени да парламентте көтөрттүк. Кыскасы, мени кандай каралашпасын,  элчилик менен консулдар кыла турган кызматты эл аралык ыктыярчы  досторубуз, “Ай-данектин” балдары менен жасап жатабыз. Ал үчүн каражат алып же атак даңк алайын деген жокмун. Мекендештерибиз, бир боорлорубуз аман-эсен Кыргызстанга келип алсын деген тилекте  жасап жатабыз.

--Дубайдагы мигранттардын маселеси чечилдиби?

--Дубайдан бир рейс келди. Буюрса эртең жана онунда дагы калган мигранттарыбыз келет. Эмнегедир алардын  тегерегинде да оюндар болуп жатат. Бирок, эмгегибизди жокко чыгаргысы келгендердин жоруктарына кабагым, кашым дебейм. Болгону, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, казак консулдарына ыраазычылыгымды билдирем. Биздин  кыргыздарды ала келүү канчалык оор экенине карабай алып келе жатышат. Кээ бир биздин консулдар менен иштегенче ошолорго кайрылуу пайдалуу болгон учурлар да болду.

Баса, карантин болот деген сөздөр жүрүп жатканда эле Түркия, Новосибирский, Таиланддан кайрылуулар башталган. Анан “Замандаш” партиянын өкүлү кайрылып “эже, Түркия менен Новосибирскийден кайрылгандарды бизге жөнөтө бериңиз” дешти. Мен макул дедим. Кийинчерээк  Новосибирскийдин консулу менен кээ бир түшүнбөстүктөр боюнча маектештик. Чынында бул маселени айрымдар энчилеп ала турган иш эмес. Бул жалпы элдин башына түшкөн сыноо, апаат. Ошон үчүн элчи чечсин, консул кылсын  дебей баласын ойлоп,  кекиртегинен бир тиштем нан өтпөй отурган энелер үчүн уюштуруу иштерин жасадык.  

--Таиланддагы жарандарыбыздын маселесин кантип чечтиңер?

-Таиланддагы жарандарыбыздын бирөөсүнүн баласынын паспортунун мөөнөтү бүтүп калыптыр. Аны Азимбек Анаркулович бүткөрүп берди. Калган 32 жараныбызды Казакстандын консулу алып келип берди. Бүгүн да он чакты жараныбызды алып келе жатышат.

--Россиядагы элчилик жакшы иштеп жатат го. Сиздин кызматыңызга да муктаж адамдар бар бекен?

--Бар экен. Ал жакта 1500 дей адам вотсап группаларыбызга кирди. Алардын кимиси самолётко, кимиси автобуска билет алганга  мүмкүнчүлүгү бар экенин тактап жатабыз. Көпчүлүгү автобус менен кеткенге каражаты бар экенин айтышууда. Баарын тактап туруп, штабга, парламентке, ажобузга, жардам беребиз дегендер менен байланыштырабыз. Ошондой эле “Аэрофлот” жана “Курал” авиакомпанияларынын башчылары менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Консулдуктарга да жарандарыбыздын тизмесин түзүп жөнөтөбүз. Ошон үчүн кээ бир элчилер ийгилигибизди Үмөталиева алып кетет экен деп кооптонбой эле маселени чечүүгө жардам берип жатканыбызга ыраазычылык айтышы керек. Тыңчыларын вотцаптагы группаларга коштуруп акылга сыйбаган  иштерге барбай.    

--Мындай ишке аралашып кандай жагымсыз жагдайга туш болдуңуз?

--Биринчиси, кээ бир өлкөлөрдө элчилер менен  консулдар тил табыша албаган абалына таңгалдым. Экинчиси, ак ниеттен жасаган аракетимди каралап, жокко чыгаргысы келген жана мен мыйзам бузгансып, жардам сураган мекендештериме вотсаптан сүйлөгөн сөзүмдү таратып, ушакка илештирем деген адамдарга таңгалдым. Узак убакытка телефондон сүйлөшүп туруп, (сүйлөшүүбүздү жазылып алынганын билип туруп) сайтына телефондон байланыша албай койдук деп жазган  журналисттин аракетине таңгалдым. Кыскасы, күнү-түнү уйку көрбөй, жардам сурагандардын маселесин чечели, кол кабыш кылалы деген аракетим орозонун улуу күнүндө да мына ушундай жагымсыз жагдайлар менен коштолуп жатканына таңмын. Мекендештериме берген жардамымды кызганып, ошону да ыраа көрө албай жаткандарга түшүнө албай турам.

Кылган эмгегимди милдет кылбайм. Ошол эле учурда мени эмгегимди жокко чыгаргысы келгендерге да  теңелбей өз ишимди кыла берем. Себеби, мага мекендештеримдин аман-эсен келгени олжо. Көңүлүмдү ооруткусу келип, чагымчыл иштерди кылгандардын аракети  эч нерсеге арзыбаган иш деп билем. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости