www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийик ашууну ашып, эми төмөндөй баштадык. Сурадж бир кезде микрофон менен Манас көлүнө аз калганыбызды айтып, көл тууралуу жалпы маалымат берип өттү. Тибетке барууну чечкен күндөн баштап, Манас көлүн көрүүнү жүрөгүм дегдеп келе жатты эле. Жеткенге аз калганыбызды уккандан бери ого бетер тынчым кете баштады. Өзүбүздүн Ысык-Көлүбүз сыяктуу тегерете курчалган тоолордун ортосунда мелмилдеп жаткан көл алыстан эле көпкөк болуп көрүнө баштап, жээгине жакын бирин-экин жалпак тамдардын жанында заңгырап көрүнгөн (канча күндөн бери бозоргон ай талаада таштан тургузулган жалпак тамдардан кийин 2 кабат үй мага заңгырап көзүмө сонун көрүндү) заманбап мейманкананын алдына келип токтодук.

Сурадж менен Сонам бөлмөлөрдүн ачкычын берип, бир бөлмөгө беш орун экенин айтаар менен биринчи барып, 2-кабаттан айтылган номерден орун алдым. Жүктөрүбүз оор болгондуктан, автобустагы жүктөрүбүздү эркектер жардамдашып көтөрүп келишти. Тибеттин чек арасына өткөндөн бери менин жүктөрүмдү Сонам же тибеттик полицейский жигит көтөрүшүп жардам берип жүрөт. Орустар орус аялдарга гана жардам берип, менин жүгүм калып калганын биринчи эле күнү байкашкан окшойт, эми айттырбай эле кимиси бош болсо экөөнүн бирөө сөзсүз көтөрүп келип беришет. Бул жолу Сонам менин жүгүмдү бөлмөгө көтөрө келип, англисче бир нерселерди айтты. Мен тил билбегендиктен “рахмат” деп кыргызча айткандан башка эч нерсе түшүнгөн жокмун. Сонам биринчи таанышкандан бери мени менен сүйлөшүп бир нерселерди сурагысы келгенин сезип эле турам бирок, айла жок, түшүнбөйм. Тил билбесең, дил билбейсиң деген ушул экен да деп англисче үйрөнө албаганыма өкүнөм. Ал орусча түшүнбөгөндүктөн мен ага бир сөз болбосо, бир сөзүмдү түшүнүп калаар бекен деп кыргызча сүйлөй берем. Анан экөөбүз тең сөзүбүзгө түшүнүшпөй күлүп тим болобуз. Полицейский жигитке да кыргызча сүйлөй берем, ал да ийнин куушуруп күлүп тим болот. Бирок экөө тең эмнегедир мага боор тартып тургандары байкалат. Бөлмө тар болуп, 5 керебет бири-бирине өтө жакын коюлгандыктан, ортодон бир киши араң басып өтөт. Ал эми орустардын жүктөрү меникинен эки эсе чоң болгондуктан рюкзактары эки керебеттин ортосуна батпай, өздөрү жаткан керебеттеринин үстүнө коё башташты. Сурадж жана мейманканага келе жатканыбызда жолдо сары тамды көрсөтүп ысык булак экенин, ошол жерге жуунсак болоорун айткан. Жуунууга керектүү буюмдарымды, кийимдеримди кичинекей рюкзакка салып алып сыртка чыктым. Саат 16дан ашып калгандыктан, эңсеп келген касиеттүү ыйык Манас көлү менен учурашып алып, караңгы кире электе ысык булакка барып келүүнү чечтим.

ТИБЕТТЕГИ ЫЙЫК "МАНАС" КӨЛҮ

Сурадждын көл тууралуу маалыматына караганда, "Манас" көлү 4560 м деңиз деңгээлинен бийиктикте жайгашып, дүйнөдөгү бийик жерде жайгашкан көлдөрдүн тизмегине кирет экен. Көлдүн аянты 520 кв/км, тереңдиги 82 м жетет. Ал эми ак мөңгүлүү касиеттүү Кайлаш тоосуна чейин 20 км.

Күн ачык кезде Кайлаштын аппак чокусу аппак булуттарга аралашып көрүнүп турат. Кээде ак булуттардан айырмаланбай көрүнбөй да калат. Сыртка чыгып Кайлашты таппай калдым. Себеби, булут басып, сыртта шамал болуп турган экен. Көлдүн жээгине келип мелмилдеп тыптынч жаткан Манас көлү менен учурашып, рухтарга багыштап куран окуп, ысык булакка барып жуунуп- тазаланып кайра келээримди айтып, ыйык көлгө колумду да салбастан сары тамды карай жай басып жөнөдүм.

Себеби, тазаланып келгенден кийин гана ыйык көлдүн суусунан ичип, жүзүмдү чайып, Кыргызстандын мазарынан ала келген сууну Манас көлүнө ырымдап кошуп, айтор, ырым-жырымдарымды шашпай жасайын деп ойлодум. Бул жерден катуу басканга болбойт.

Даңгыраган асфальт жол менен шуулдаган шамалга араң туруштук берип, 200-300 м жерге энтигип араң жеттим.

Биздин топтогу аялы күйөөсү экөө жуунуп жаңы чыгып бара жатышкан экен. Суу абдан ысык экенин айтышты. Тоонун боорунан чыккан ысык булактын жанына үй салып 10 жуунуучу бөлмө кылып, ичине жыгачтан жасалган ванналар коюлуптур. Бөлмө бошоору менен тибеттик жигит ичин жууп, ваннага целлофан кийгизип, чоң крандан сууну шарылдата агызып коюп “кире бер” дегендей мага ишарат кылып чыгып кетти. Ичинде кийим илгич, отургуч , 2 чака суу, сузгудан башка эч нерсе жок. Жада калса тиги ваннага куюлуучу крандан башка душ дагы жок экен. Ал эми дубалдын түбүнөн арыкча кетип, жуунган суу ошол жактан агып кетет тура. Мен чечингенче ванна бат эле толуп калды. Ысыктыгы Сурадждын айтуусу боюнча 52 градус. Ошондуктан тиги чакадагы муздагыраак сууну чабыштырып бир аз муздатууга туура келдию Ошондо да денем күйүп кетчүдөй болуп, араң дегенде ваннанын ичине отурдум. Тибетке келээр алдында Кыргызстандын далай мазарларын кыдырып, үч күн “Азиздер” мазарына түнөп, ал жердеги дал ушундай 52 градус ысык булакка күндө кечинде ошол мазардын 10 жылдан бери шайыгы Чынара менен барып түшүп келгеним көз алдыма тартылды.

Тибетке барууну чечкен күндөн баштап Кыргызстандын мазарларын кыдыргам деп жогоруда айтып кетпедимби. Кызыгы, бул жерде өз жергемдеги окуялардын кайталанып жатышы болду.

Кызыктуу маалымат, белгилүү параписихолог Лариса Асанбекованын социалдык тармагынан алынды.

(уландысы бар)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости