www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күнгө карата коронавирус менен ооруган бейтаптардын ичинен 284 жаран стационарларда жатат. Алардын көбүндө оорунун белгилери байкалбай өтүп жатат. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы пульмонологу Талант Сооронбаев онлайн маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, бейтаптарды дарылоо жарандын макулдугу менен жүргүзүлөт.

"Бүгүнкү күндө стационарларда жаткан 284 бейтаптын 40 пайызында коронавирустун белгилери байкалбай өтүп жатат. Мындай учурда биз аларга антибиотиктерди бербейбиз, абалын көзөмөлдөп турабыз. Зарыл болгон учурда гана активдүү дарылоо жүргүзүлөт. Ал эми абалы оор болгон бейтаптарды дарылоодо вируска каршы дары каражаттары колдонулат. Дарылоо сөзсүз түрдө бейтаптын макулдугунун негизинде ишке ашат. Эгер бейтап макул болсо, дарылоо жүргүзүлөт", - деди ал.

Ошондой эле оорунун даражасына жараша бейтаптарды дарылоо үчүн консилиумдун чечими менен дары-дармектер дайындаларын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости