www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ күчтүүнүн ыры ырдалып, чоору чоордолгон америкалык салун сыяктуу бир полярдуу дүйнө түзүүгө умтулуп жатат. Бул тууралуу РФ ТИМ жетекчиси Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.
Министр RT каналына маек курган.
"Менимче, азыр болуп жаткан окуяларга берилген баа Америка бир жактуу дүйнөгө умтулуп жатканын тастыктап турат. Бул америкалык кыштак, балким, америкалык салун болушу мүмкүн. Ал жакта баары күчтүүсүнүн ырын ырдап, чоорун чоордойт эмеспи", — деди Лавров.
Министрдин айтымында, америкалыктар өз кызыкчылыгынын негизинде болгон күчтү айланасына топтоп жатат. "Бүтүндөй Батыш дүйнөсүн мобилизациялоодо, мындан НАТО менен ЕБдин мүчөлөрү канчалык "көз карандысыз" экенин көрүп жатабыз", — деген ТИМ жетекчиси.
Булак: NazarNews.kg