www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Украинадагы жаңжал боюнча позициясы өзгөрбөй турганын дагы бир жолу билдирди. Бул тууралуу KUN.UZ жазып чыкты.

Кечээ, 18-мартта Евробиримдиктин жана ага мүчө мамлекеттердин, ошондой эле Улуу Британиянын, Япониянын жана АКШнын Өзбекстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн демилгеси менен Тышкы иштер министрлигинде жолугушуу болуп өттү. 

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Украинадагы кырдаал боюнча өз көз караштары тууралуу маалымат беришти.

Дипломаттар ок атышууну токтоосуз токтотууну, конструктивдүү сүйлөшүүлөр процессин жана өлкөдө эл аралык гуманитардык укукту камсыздоо боюнча аракеттердин уланышы маанилүү экендигин баса белгилешти.

Министрлик ошондой эле жолугушууда Өзбекстандын жаңжал боюнча позициясын дагы бир ирет белгилеп, бул маселеге сабырдуу жана бейтарап мамиле жасоого жана кырдаалды саясий жана дипломатиялык жол менен жөнгө салууга чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости