www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы татар диаспорасынын жол башчысы, «Манас» эпосун какымындай көрбөгөн Фарид Ниязов. Учурда аны колдошуп Горький паркында митингге чыккандар бар. Феодалдык заманда вассал өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын балдарын чоң мамлекеттер барымтага алып коюшчу же тактыга мураскерлерди өздөрү тараптан өстүрчү.

Ташкенден бүткөн Раззаковдон башка кыргыз жетекчилери: Усубалиев, Масалиев, Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев Москва, Санкт-Петербург, Самара шаарларында билим алышкан. Эми Орусия оозуна толтура мантуу тыгып, саксактап Сапар Исаковду багып жатат.

Кокус бийлик алмашса башаламандык учурунда 100 киши бийликти алып койот экен, 140 млн калкы бар Орусия деле ушул жигитти өстүрө туралы деп барымтага алып коюшкан. Сапар Исаков бийликке келе турган болсо командасы бар, ал Атамбаевдин даяр кадрларын пайдаланат.

Сапар Исаковдун оң колу балким бийликке келсе президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов болоруна шек жок. «Абый» Фарид Ниязов эки жолу монгол-татар эмес, кыргыз –татар бийлик агымынын жол башчысы катары бийликти өзү каалагандай чимирип турду.

Акыркы ирет «апалысыбы» же –«сеңеллесиби» Раиса Атамбаева менен Татарстанга барганда «Душа моя-Татарстан» деп ачык эле айтып калышкан. Мейли жөнөкөй кыргызстандык татарлар Казанга барып «Душа моя-Татарстан» деп өкүрмөктөн бакырсын Фарид Ниязовдун «апалы-сеңеллеси» Раиса Атамбаева ал кезде президенттин зайыбы болчу.

Еврей менен татарлар эне - тегин эсептешет, ата-теги кыргыз болгону менен Фарид Абилезимовичтин эне жагы татарлар. «Абый» Фарид Абилезимович жылмая күлүп, Акаев, Атамбаев сыяктуу кем акыл ажолорду мурдунан жетелеп алып, мурундарына мурунтук салып, жондоруна ээр токуп, үстүнө шап минип, мыйзамдын эки тизгин, бир чылбырын колуна кармап, Акаев менен Атамбаевди кыдыңдата минип алчу.

Трайбалисттик сезимдери жедеп өнүккөн «абый» Ниязов аркалыктар бийликке келсе эле «тоок сүйүүсүн» арнап, тоголонуп жүрүп «марионеткасына» айланган «маслоед». Боконосу ката элек убакта партия заманы өтүп кетти. Акаев заманда «боконосун катыра» коюп, каймакты кайдан калпып жешти сезе койгон. Акаевке жүгүнүп маалыматтагы «кошелогуна» айланды. Өзү жалгыз жүргөн жок бир үйүр татар-кыргыздарды коштой жүрдү. Акаевдин алдына жата калып, 24-мартка чейин турган жок.

Башкалардын бары, ал эмес «Арзыматтардын атаманы» Осмонакун Ибраимов да тажап туруп кетти. Жөн жаткан жок «ааламдын падышасы» Акаевдин жубайы Майрам Дүйшөновнаны мактап, «Жыландан жүн кырккан, бүргөдөн май сызгырган» вассалдары менен, оппозицияга тиш кайрап, сес көрсөтүп турушту.

2010-жылы элге батпай калган Факең , партияларга да батпай калып, ар кайсы партияга жан соогалап ирегесине барып, түртүнчүк болуп жүрүп, келишимдүү «апалы-сеңеллеси» Раиса Атамбаева менен ташы өйдө кулаган Атамбаев аны мурдунан жетелеп алышкан. Мурунтугун эмгиче чече элек.

Атамбаевдин мамлекетти башкаруусу токтор менен темир торго камалып эки жылдан бери Фемидадан кутула албай жүрөт. Атамбаев бийликте турганда Ниязов оңдурган эмес, андан запкы жегендер али тирүү. Атаандаш журналисттерди каматуу ʏчʏн антидемократиялык методдорду колдонгон «абый» Абилезимович.

Атамбаев жездесине таянып, Фарид Ниязовдун көрсөтмөсү менен парламенттин «чимкирик» депутаттары эл ыйык туткан Конституцияны бузушуп, журналисттерди жазалап 5 жылга чейин каматуу ʏчʏн Кочкарева даярдаган мыйзамды кабыл алышкан.

Фарид Ниязов пресс-катчы болуп турушкан Аскар Акаевдин заманында «Асаба», «Столица», «Республика» гезиттерин жаптырып, «Вечерний Бишкекти» рейдерлик жол менен тартып алып, Замира Сыдыкованы камата койом деген бийлик, аягы качарга тешик таппай калган. Атамбаевдин заманында Ниязовдун антидемократиялык мыйзамын бийлик кабыл алганы үчүн, журналисттер запкысын көрүштү. Канчалаган бейкүнөө журналисттерге жалаа жабылып, моюндарына түшүнө кирбеген акчалар салынды?

Уран Ботобеков деген ботодой боздоп кеткен боюнча дайыны жок. Дайырбек Орунбеков миллиондорду чака тыйын менен чогултуп калган, Адилет Айтикеев океандын ары жагына сызган бойдон кеткен. Нарын Айып үй-мүлкүн бүт тарттырып, асманды карап калган.

Ниязовдун антидемократиялык мыйзамын Атамбаевдик бийлик кабыл алышып, азыркы камалгандан да тартынбаган, коркпогон жаштар ушул мыйзамдын аркасы менен бийликти кʏм-жам кылышкан. Чыныгы журналисттерди «кыл аркан» менен муунтуш Фарид Ниязовдун башкы милдети болгон.

Азыркы журналисттердин арасында бешиктен бели чыга элек жатып, «арзыматчылыктын» арифметикасын жадыбалдай жаттап алган «журналюгалар» кѳп эле учурайт. Ошолордун бири «абый» Фарид.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости