www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жогорку Кеңештеги 4 депутаттын диплому жасалма экен деген маалымат чындык», - деди бүгүн, 19-мартта NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, айрым окуу жайлардын жасалма диплом бергенин УКМК аныктады. Эми жасалма диплом алган менен аны бергендер да ачыкталышы керекпи?

- Жасалма диплом жөнүндөгү маалыматты УКМК расмий түрдө жарыялады. Демек, бул чындык. Мындай кылмыштуу окуя биздин кыргыз элинин эн чоң трагедиясы катары кабыл алынышы керек. Анан калса, өлкөбүздүн ЖОЖдорунун флагманы болгон Кыргыз Улуттук университетинин 28 диплому жасалма болуп чыккандыгы тууралуу маалымат - бул чоң шермендечилик.

Өлкөнүн лидери Садыр Жапаров парламенттеги «диплом-гейт» окуясынан кийин УКМКга катуу тапшырма берди. Анан текшерүүлөр башталды. Бул туура. Бирок, бир ойлондура турган маселе болууда. Ошондой текшерүүлөрдүн методикалары кандай болуп жатат? Адилеттүүлүк барбы? Же дагы эле курулай «кампанейщина» башталдыбы?

Менимче, бул жерде суроолор бар. Текшерүүлөр тандалма болуп жаткан жокпу же баары текшерилүүдөбү? Арыз менен текшерип жатышабы же «керектүү» ЖОЖдор каралуудабы? Окутуучулар арасында ар түрдүү пикирлер айтылууда. Бул жерде кашкайган гана чындык орун алуусу абзел.

Антпесе, президентти ыңгайсыз абалга кептелткен айың-сөздөр же дооматтар күчөй берет. Мына, жакында ЖКнын дагы 4 депутатынын дипломдору жасалма экен деген маалыматтар эл арасына желдей тарады.

Ошондой эле айыптарга аткаруу бийлигинин түрдүү тармактарында иштешкен бир нече адамдарга тагылды. Бирок, алар кимдер? Аты-жөндөрү айтылбай келет. Эмн үчүн? Дагы соодалашуу башталдыбы же башка саясий себептери барбы?

Адилеттик үчүн президентти ыңгайсыз абалга койбой сотко жеткирише алабы? Качанга чейин оюндар боло берет? Факт аныкталдыбы? Элге жарыя кылыш керек! Болбосо мындай аярлуу ишти баштоонун деле кереги жок!

Ал эми жасалма диплом алгандар менен аны саткандар, албетте бирдей жаза тартыштары керек. Мындай кылмыштардын тынбай орун алып келишин мен улуттук идентификациябызды калыптандыра албай келгендигибизден болуп жатат деп эсептеймин.

Бир идеяга баш ийип, улуттук идеологиябызды калыптандырууга эркибиз жетпей, жүүнү бош келе жаткандыгыбыздын азабы!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости