www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биз үчүн, Украина үчүн тынчтык, копсуздук жөнүндө маңыздуу сүйлөшүүлөр — Орусия үчүн өз каталарынан келтирилген зыянды азайтуу үчүн бирден-бир мүмкүнчүлү. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн жаңы видеокайрылуусунда билдирди.
«Жолугушууга, сүйлөшүүгө убакыт келди. Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө убакыт келди. Болбосо, Орусиянын жоготуулары абдан чоң болуп, калыбына келүү үчүн бир нече муун аздык кылат», - деди ал.
Буга чейин украин делегациясында айтылгандай, Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтык келишими боюнча келишим 1,5 жумага чейин созулат.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg