www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтон Москва менен диалогдо үстөмдүк кылабыз деп ойлосо жаңылышат. Мындай пикирин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров индонезиялык "Ракьят Мердека" гезитине маек берип жатып айтканын РИА Новости жазды.

"Думшандык аракеттерге чечкиндүү жана так кесе жооп кайтарабыз", — деди министр.

Лавровдун айтымында, Женевадагы саммитте Россия президенти Владимир Путин кандай гана диалог жана кызматташуу болбосун Россия кызыкчылыктардын балансына жана тең ата мамилелерге артыкчылык бере турганын баса белгилеген.

Ошондой эле министр эки өлкөнүн президенттери жолугуп жатканда АКШ "каршылык" көрсөтпөгөнү менен көп өтпөй баягы эле позициясын улантып жатканын кошумчалады.

Владимир Путин менен Жо Байдендин алгачкы жолугушуусу Швейцарияда 16-июнь күнү өткөн. Жыйынтыгында тараптар жолугушуу конструктивдүү маанайда болгонун айтышкан. Эки лидер айрым маселелер боюнча бир пикирде экени аныкталып, стратегиялык туруктуулук үчүн мындан ары дагы сүйлөшүүлөрдү уланта турганы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости