www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта каржы пирамидасын түзгөн жаран кармалды

Өлкөдө 6 ай аралыгында 906 каржы пирамидасы аныкталды. ИИМдин маалыматына ылайык, анын арасында Талас шаарында түзүлгөн "Эл биримдиги" өнүктүрүү фонду деп аталган компания да бар.

"Каржы пирамидасын уюштурган адам жакында кармалды. Ал Талас облусунун 1984-жылы туулган тургуну Т.К. болуп чыккан. Кармалган адамга карата тергөө кызматына 200дөн ашык арыз келип түшүп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Жалпы материалдык чыгым 13 миллион сомдон ашкан", - дешти министрликтен.

Буга чейин социалдык тармактарда милиция кызматкерлери үч-төрт жаран менен биргеликте капка салынган жана жерде чачылып жаткан акчаны санап жаткан видео тараган. Талас облустук милициясы аталган фонддун кеңсесин тинтүү жана каражатты саноо жүргүзүлгөнүн, териштирүү жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости