www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыш Украинага азыркы кырдаалдан чыгуунун дипломатиялык жолун табууга жол бербейт, деп билдирди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров RT телеканалынын жана "Россия сегодня" медиа тобунун башкы редактору Маргарита Симоньян менен болгон маегинде.
"Америкалыктар "биз буга чейин эле жаңжалдашып, башаламандык сепкенбиз, эми аларды өзүбүзгө калтырсак болот, алар кантип чыгып кетээрин көрөбүз" деген чечимге келмейинче, украиндерге сүйлөшүүгө уруксат берилбейт дегенден күмөн санабайм", — деди министр.
Анын айтымында, АКШ менен Улуу Британия Киевди курал менен камсыздоо аркылуу Орусияны Европага каршы түртүүгө аракет кылууда.
"Алардын түзмө-түз кандайдыр бир конструктивдүү кадамдардан карманып жатканы, түзмө-түз курал менен толтурулуп, аларды колдонууга аргасыз болуп жатканы, бул системаларды тейлеген чет элдик инструкторлор менен адистердин отурушу дагы коркунучтуу. Ал жерде - ХАЙМАРС жана башка курал келгени сыр эмес", - деди Лавров.
Булак: NazarNews.kg