www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек бизнес-форумунун жана EXPO Russia Kyrgyzstan 2022/EXPO Eurasia 2022 өнөр жай көргөзмөсүнүн ачылышында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кайрылуусу окулду.

Иш-чарага Кыргызстандан тышкары Орусиядан жана башка бир катар өлкөлөрдөн келген ишканалар катышууда.

"Көргөзмө менен форумдун өткөрүлүшүн дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толушу менен байланышкан тарыхый окуя катары баалайм", — деген Лавров куттуктоосунда.

Ошондой эле ал эки өлкөнүн мамилеси достукка негизделип, стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткенин белгилеген.

Лавров көргөзмө жана форум түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө татыктуу салым кошот деп ишенерин айтып, катышуучуларга ийгилик каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости