www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев эртең Москвага учуп барат. Тышкы иштер министрлигинин башчысы Орусияда кесиптеши Сергей Лавровдун чакыруусу менен болоорун Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
«Тышкы иштер министрлеринин ортосундагы байланыштар үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүп, эки тараптуу мамилелерди чыңдоодо чоң роль ойноп, Орусия менен Кыргызстандын тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга көмөктөшөт» деп белгиленген.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу түрдүү тармактарда кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулайт, ошондой эле, евразиялык интеграция, аймактык коопсуздук, эл аралык платформаларда, анын ичинде БУУ, ЕАЭБ алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуусу күтүлүүдө.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында министрлердин биргелешкен билдирүүсүнө жана Орусиянын ТИМи менен Кыргызстандын ТИМнин 2022-2024-жылдарга кызматташуу программасына кол коюу пландалууда.
Булак: NazarNews.kg