www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК тарабынан мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Суу райондук экологиялык көзөмөл боюнча инспектору тарабынан опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталган

Кара-Суу райондук экологиялык көзөмөл боюнча инспектору Кыргыз Республикасынын жаранынан 30 миң сом акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы тастыкталып, анын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 3-мартында жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын алып жаткан жеринен Кара Суу райондук экологиялык көзөмөл боюнча инспектору М.у.Ч кармалды.

Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98- беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости