www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Молдова жакынкы 10 жылда да Евробиримдикке кире албайт. Мындай пикирин аталган өлкөнүн экс-президенти Игорь Додон билдирди.
Молдованын президенти Майя Санду кечээ, 3-март күнү Грузия мамлекети менен биргеликте Евробиримдикке кирүү үчүн арыз жазган.
Экс-президент Игорь Додондун айтымында, Евробиримдикке кирүү үчүн узак мөөнөт талап кылынат. Алгач арыз жазган мамлекет “талапкер” деген макам алат, андан соң гана биримдикке мүчө боло алат.
Белгилей кетсек, аталган уюмга мүчө болуу үчүн уюмдагы 27 мамлекет макулдугун бериши керек.
Булак: NazarNews.kg