www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинага "Tomahawk" канаттуу ракеталарын берүү боюнча айтылган билдирүүлөрдү Европа тараптан Вашингтонго жасалган кысымдын жыйынтыгы деп атады.

Министрдин айтымында, АКШ өнөктөштөрүнүн пикирин эске алгандай түр көрсөтүүгө аракеттенүүдө, бирок акыркы чечим али кабыл алынган эмес.

«Бул, эң оболу, Европанын Вашингтонго басым кылганынын жыйынтыгы. Вашингтон болсо союздаштарынын оюн эсепке алып жаткандай көрүнгүсү келет. Бирок менимче, азырынча бул боюнча чечим чыга элек. Америкалыктар "Томагавктарды" абайлап гана берет, баарына эле бере бербейт. Европалыктардын ичинен, эгер адашпасам, Испанияга жана Нидерланддарга гана беришкен. Калгандарынан качышат. Эми эгер Украина жоопкерчиликтүү мамлекет деп эсептешсе, жана ал бул куралдарды жоопкерчиликтүү колдонор дешсе – бул мени абдан таң калтырмак», — деп баса белгиледи Лавров.

Последние новости