www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бокс боюнча дүйнөнүн легендарлуу мурдагы чемпиону Майк Тайсон 30 жыл мурун кыз зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу ABC News телеканалынын маалыматына таянып “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, легендарлуу мушкер түнкү клубдардын биринде таанышкан кызды зордуктаган деп шектелүүдө. 

"Аял 90-жылдардын башында бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Майк Тайсонду зордуктоого айыптап, сотко кайрылды. Ал мушкерден беш миллион доллар доолады", — деп билдирди булак.

Арыз ээси өз арызында Тайсондун лимузининен, мушкер аны өпкөнгө аракет кылганын айткан.

"Мен ага бир нече жолу «жок» деп айтып, токтотуусун сурандым, бирок ал мага кол көтөрө берди. Андан кийин ал шымымды чечип, мени кордоду", — деп жазат басылма аялдын сөзүн.  

Белгилей кетсек, мындай айып Тайсонго экинчи ирет тагылып жатат. Ал буга чейин сулуулар конкурсунун катышуучусу Дезире Вашингтонду зордуктаган деп айыпталып үч жыл абакта олтуруп чыккан.    

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости