www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Чарбак-Сай тилкесинде сел жүрүп 1,7 чакырым ички чарбалык жолдун, 500 метр ички чарбалык арыктын айрым жерлерин каптап кетти. Сел ошондой эле жергиликтүү тургунга таанды эки уйду агызып кеткен. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, ушул эле райондун Патан-Сай тилкесинде да сел жүрүп, 1,5 чакырым ички чарбалык жолдун айрым жерлерин каптаган. Анын кесепетинен аталган ички чарбалык жолдордо унаалардын жүрүүсүнө кыйынчылык жаралган. Адам өмүрүнө жана турак жайларга коркунуч жок.

ӨКМ жана жергиликтүү бийликтер жолдорду калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Кечээ Кара-Суу районунда жана Кара-Кол шаарында да каналдардан суу ашып, ондон ашуун үйлөрдүн короолорун каптаган болчу. 

Булак: MazarNews.kg

Последние новости