www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ардактуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин атынан Конституция күнү менен чын дилимден куттуктайм.

1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган. Дал ушул күнү 1978-жылы кабыл алынган Кыргыз ССРинин Конституциясы күчүн жоготкон.

Баш мыйзабыздынжаӊы редакциясы эгемен Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнүн пайдубалын түптөп, мамлекеттүүлүгүбүздүн калыптанышына шарт түзгөн. Андан кийин да Конституциябызга бир топ өзгөртүүлөр киргизилген менен тилекке каршы, 2010-жылга чейинки түзөтүүлөрдүн көбү бийликте турган бир катар адамдардын гана кызыкчылыгына ылайыкташтырылып келген.

  • эркиндикти сүйгөн Кыргызстандын эли эки жолу авторитардык бийликке каршы күрөшкө чыгып, акыры парламенттик башкаруу жолун тандап алды. 2010-жылдын жайында Конституциябыздын жаӊы редакциясы иштелип чыгып, референдум аркылуу кабыл алынды. Ал эми 2016-жылы бир катар түзөтүүлөр киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Баш мыйзам катары жарандардын негизги укугу менен эркиндигин коргойт жана мамлекетибиздин укуктук статусун аныктаган жогорку юридикалык күчкө ээ.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди дагы бир жолу Конституция күнү менен куттуктайм! Мындан 25 жыл мурун кабыл алынган Баш мыйзамыбыз мамлекетибиздин көз карандысыз, өз алдынча өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Андыктан, биз Конституциябызды урматтап, мыйзамдарга баш ийүү менен өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн кызмат кылышыбыз зарыл.

Жергебизде тынчтык болуп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өссүн!

 

Урматтоо менен,

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин Төрагасы            Дастанбек Жумабеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости