www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлекте айыл тургундары имамына автоунаа белек кылышты

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Сары Дөбө айылынын имамы Уланбек Менгбаевге аталган айылдын 1970-жылдан 2000-жылга чейин туулган жашоочулары биригип, каражат топтоп, Toyota Passo үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты. Унааны жаштар атайын демилге көтөрүп, имамдын эмгегин баалашып, өз ыктыярлары менен белек катары тартуу кылышкан. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. 

Бул саамалыкка жумушчу иш сапары менен Лейлекке барган Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, казыят кызматкерлери жана имамдар күбө болушту. Катышуучулар мындай иштер көп болуусун каалап, бул саамалык имамдар үчүн дем-күч болорун айтышты.

«Айыл жаштары буга чейин дагы кайрымдуулук иштерин уюштуруп, муктаждарга колубуздан келген жардамыбызды берип келгенбиз. Бүгүн имамыбыз Уланбек Менгбаевдин айылыбыз үчүн кылган эмгектерин баалап, айрыкча жаштарды ыйман жолуна чакырып, адеп-ахлакка үндөп келгендиги үчүн ыраазычылык катары автоунаа белек кылууну чечтик», – дейт демилгечилер.

Уланбек Менгбаев 1980-жылы 25-октябрда Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Сайдулла Миңбаев жеке ишкер, энеси Зейнеп Убайдуллаева үй кожойкеси. Үй-бүлөдө 10 бир тууган; 7 кыз, 3 уул.

Ал орто мектепти аяктаган соң эки жылдык имамдык курсунда окуган.

Эмгек жолун 2019-жылы Сары-Дөбө айылындагы «Сары-Дөбө» мечитинин имамы болуп иштөөдөн баштаган.

2023-жылы Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары жана катчысы болуп эмгектенген.

Үй-бүлөлүү; бир уул, үч кыздын атасы.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости