www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лениндин арбагы Мавзолейде каалгып жүрөт

Лениндин көз жумганына жакында жүз жыл толот. Бирок анын сөөгү аруу жуулуп жерге жашырылбай Мавзолейде жатат. Ленин жаткан мавзолейдеги денеси тууралуу көп сөздөр чыкты. Лениндин Мавзолейинин ичинде көзөмөлдөп турган камера орнотулган. Көпчүлүккө көрсөтүлүп жүргөн видео –ролик бар. Түн бир оокумда Мавзолейде жаткан Ленин акырындык менен сол колун көтөрөт, андан соң бардык денеси менен жүткүнүп алдыга умтулат да, кайра саркофагка кулайт. Америкалык Филадельфия механика университетинин профессору Жон-Капри-кичүү жана дагы көптөгөн окумуштуулар бул видеодо эч кандай монтаж жок деген чечимге келишкен. Эч кандай боектор, кадрлар коюлган эмес. Кадрды тартып жаткан учурдагы цифралар жана убакытты көрсөтүү мөөнөтү Ленинди тартып жаткан камеранын нормативдери менен дал келерин далилдеп, окумуштуулар терең изилдеп чыгуу үчүн Лениндин денесин текшерүүгө уруксат сурашкан, бирок бул иш өтө жашыруун болгондуктан уруксат берилген эмес. Арадан жүз жылга жакын убакыт өтсө да, Лениндин тырмактары жана чачы өсөт деген да кеп бар. Бул дагы магиянын сырлары эмеспи?

Ленин 1924 жылдын 21 январында көз жумду. Башында анын денесин кылымдарга сактоо боюнча сөз болгон эмес. Анын денесин коштошуу убагы бүткүчө 20 күнгө бальзамдашып, коштошуу зыйнаты үчүн Союздар үйүнүн Колонналык залына коюлган. Сууктун күчү минус 28 градустан төмөн болуп турганына карабастан жол башчы менен коштошуу үчүн келгендердин саны бүт өлкө боюнча аягы тынган эмес. Ленинди көмүү 27-январга белгиленген, бирок аны менен коштошуунун аягы тыйылбай койгондуктан дагы алдыга жылдырылган. Анын денесин ар бир үч күндө комиссия текшерип турган. Ошол убактагы катуу сууктун айынан жана убактылуу бальзамдашкандан улам, анын денесинде чирип кетүүнүн белгилери табылган эмес. Денеси чирий баштаганынын алгачкы белгилери эки ай өткөн соң март айында байкала баштаган.

Партиянын жетекчилеринин арасында Лениндин денесин узакка сактоо туура эмес жана Лениндин денесин узакка сакташыбыз керек деген темада курч талаш –тартыш башталган. Марттын аягында профессор Воробьев менен биолог-биохимик Збарский анын денесин бальзамдаштыруу ыкмасына өтүшөт. Алар атайын жасалган лабораторияда төрт ай иштешип, 1924-жылдын 24-июлунда партиялык жетекчиликке иштин бүткөндүгү тууралуу билдирген.

Эми гана социалисттик саясий системада Лениндин денеси кандай роль ойноп турганы белгилүү болду. Бул дене советтик мамлекетти даңазалап турганы чындык. Ленин өлүк денеси менен конкреттүү адам катары маанини билгизсе, өлбөс денеси менен –куурчак катары атайын мамлекеттик ырым-жырымдар үчүн керек болгон. Лениндин денеси –жөн гана анын көчүрмөсү деген ар дайым жүрүп жаткан сөздөр, бул бир четинен калп болсо, бир четинен чын. Лениндин денеси экени чын, бирок ал дайыма алмаштырылат. Анын биологиялык материалдарын да жаңыга алмаштырылып турганы менен, канткен күндө да формасы өзгөрүлбөй кала берет. Бул долбоор татаал денени сактоонун жаңы ыкмасы катары жүрүп-жүрүп отуруп кийин чыккан, анын мааниси партиялык система үчүн түшүнүксүз болуп келсе, эмгиче аны дале түшүнгөн адам жок.

Лениндин денеси менен иштөө абдан жашыруун атмосферада, жабык эшиктин ичинде жүргүзүлөт. Лениндин текстери, айткандары жана башка фактылар менен иштөө да жашыруун болгон. Ошол үчүн ленинизм дайыма фундаменталдуу, алмаштыргыс жана түбөлүк сыяктуу көрүнүп, чындыгында партиялык жетекчилер убак-убагы менен алмаштырылып турса да ал кала берген. Ушунун негизинде ленинизмге тексттерден тышкары, Лениндин денеси да өзгөчө булак болуп берген.

Советтик системанын 1991-жылы талкаланышы менен лениндин денеси кошо жок болуп кете тургандай сезилген. Орусия Федерациясы мавзолейди жаап жок кылган жок, бирок ага кете турган чыгымдарды кескин кыскартты. Акыркы отуз жылдын ичинде Лениндин денесин эмне кылабыз деген бир жактуу чечим кабыл алына элек. Бүгүн да бул маселени кабыргасынан коюп жаткандар бар, бирок лаборатория иштегенин улантып жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 


 

Последние новости