www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү Амеркалык актер Леонардо Ди Каприо Instagram баракчасы аркылуу АКШ президенти Джо Байденге ачык кат жолдоду.
Ал өзүнүн катында шаарларды таштандыдан арылтып, климаттык кризиске көңүл буруусун суранган. Ошондой эле, Джо Байденди өлкөнү туңгуюктан сууруп чыккан, экологияга абдан көңүл бурган президент болууга чакырган.
«Сиз дүйнө жүзү боюнча күйүүчү отундун ордуна таза энергия колдонулушун талап кылышыңыз керек. Бул жумуш орундарын көбөйтүүгө, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын кыскартууга жана ошол эле учурда экономикалык жана расалык теңсиздиктерди жоюуга мүмкүндүк берет», — деди Ди Каприо.
Актер президент Байдендин «Көмүр кычкыл газынын иштетилишин азайтуу чаралары жөнүндө» Париж келишимине кошулуу чечимин колдоду.
Америкалык атактуу актер Леонардо Ди Каприо көптөн бери экология тармагында иш жүргүзүп, Америка аймагынын тазалыгы боюнча ири сунуштарды берип, демилелерди көтөрүп келет.
Булак: NazarNews.kg