www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда эки кишиден турган фонддун, же бирикменин лидерлери кумурскадай жайнап кетти. Өткөндө бир таанышым адилеттик министрлигине барып көптөн бери самап жүргөн бирикмесин каттата албай кыжаалат болгонун уктук. Көрсө баланча деген аттагы кыймылдардан орун жоктугун көрүп шаабайы сууптур. Партиядан эле эки жүздөн ашыгы катталыптыр. Кызык, эки тамгадан турган фонд бар экенин угуп тигил шок болуптур. “Ак” деген фонд бар экенин кана кимиңер билесиңер? Коомдук фонд дегендердин кагаздары саргайып, күбө жей баштаптыр Дагы жакшы азыр компьютер деген чыгып аман калдык.
Анын сыңарындай парламенттеги фракциялардын лидерлерин деле тааныбагандар көп тура. Жакында эле кыйындар жекеме-жекеге чыгууга чейин барышты. Бири “Республиканын” лидери Руслан Казакбаев деп талашса, экинчиси Жыргалбеков деген болду деп чекесин томуйтат. Эми экөө мушташып кетпесин деп арачага түштүм. — Эй, саясатчы сөөрөйлөр, экөөңөрдүкү тең чийки болуп калды. Азыр бул фракциянын лидери Жыргалбек Турускулов деген жигит. Ишенбесеңер көрсөтөйүн деп официалдуу кагазды мурдуна такап атып араң аман алып калдым. Бул эмнеликтен болуп жатат деген суроонун тегерегинде эки ооз сөз менен жооп берели. Кийинки кезде лидер эмес парламентти оодара салууга шарт түзүлүп калды. Керек болсо 24 саатта лидерди мурдунан сүйрөп паска түшүрүп коюшат. Ошондой сыпаттаманы так ушул “Республикачылар” тастыктап берүүгө “жол” салып беришкени ырас. Минтип ээрден учуп түшөөрүн Руслан Казакбаев да билбей калганын эшиткен жайыбыз бар. Демек, парламентте “прогноз” жасоого кабелтең адамдар пайда болду, туурабы? Кубаттуулар кол көтөр деп ишаарат кылганда тегиз баары эки колун жагалданып жогору көтөрүп беришет. Антпесе көргүлүктү көрүшөт. Чындык азыр ушундай.
Баса, кайсыл лидерлерди азыр өңүнөн тааныйбыз? Чамасы Иса Өмүркуловду эле кичине билишет окшойт? Алмазбек Баатырбеков деген кайсыл фракциянын лидери десең желкесин кашып тим болушат. Ал эми Алмамбет Шыкмаматовду Никитенкодон башка бирөө билеби? Андан көрө аны сотко плакат көтөрүп баргандар жакындан билип калышканы жалган эместир? Ошол эле Ж. Турускуловдун кебетесин карапайым тургун тургай илимпоздор деле айырмалай алышпайт. “Бир Болдун” лидери ким десе айрымдар Мыктыбек Абдылдаев деп кобурашат. Балким ушул киши болсо туура келмек, Алтынбек Сулаймановго караганда салмактуу саясатчы эмеспи. Кезинде Текебаев Алтыкени “өз мектебимден” кичине тарбия көрсөтсөм аны тааныбай каласыңар деп күлгөн. Бакыт Төрөбаевди болсо былтыркы күздөн бери жакшы таанып калышты десек болот. Анткени Бакиевдерди Сооронбай Жээнбековдор Оштон кубалап чыкканын бир экс-генералга эскертип ашмалтайы чыккан. Эптеп Атамбаевдин алдынан өтүп атып эсен калганын теледен көргөндөр зарылчылык чыкса түкшүмөлдөп беришет. Калгандары тууралуу кеп кылуунун кажети жок.
Эмнеси болсо да лидер дегендин касиетин качырышты. Мен КСДПнын лидери болмокчумун деп карбаластап жүргөн киши бар экенин деле айта кетели. Ошол чыгаан азыр энтеңдеп аймактарга мурдун сала баштаганы каңшаар болду. Эми ошону ким лидерге ылайыктуу деп эсептейт десең? Көрсө кичине жел жүрсө аны шамалга айландырсам болот окшойт деп кыялдангандар эл ичинде жашаарын биле жүргүлөчү деп эскертип коюуга убакыт келди. Дегинкисинде улуттук лидер деген бир кылымда бир жаралчу инсан болорун көңүлдөн чыгарбайлычы? Көрүнгөн эле атка минерлер лидермин деп төшүн кага берип мунун затына доо келтиришти. Эки жылдан кийин өтүүчү парламенттик шайлоодо кандай түстөгү, кандай күчтөгү лидерлер пайда болоруна эмитен кызыккандар болгону жөн жерден эместир? Кантсе да парламенттик өлкө болобуз деп үлкөндөр айтып жатышпайбы…
Булак: "Ачык сөз"