www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда Мажилистин депутаттары шаршемби күнү жалпы жыйында “Казакстандын Коопсуздук кеңеши жөнүндөгү” мыйзамды экинчи окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, Коопсуздук кеңеши консультациялык органдан конституциялык мекемеге айланат. Бул тууралуу Азаттык билдирди.
Ошондой эле Казакстандын туңгуч жана азырынча жалгыз президенти Нурсултан Назарбаевге Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектөөгө укук берилүүдө. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда жаңы конституциялык мекеме улуттук коопсуздукту жана коргонууну гана камсыз кылбастан, “ички саясий туруктуулукту сактайт, конституциялык түзүлүштү жана эл аралык деңгээлде өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын коргойт” деп жазылган.
Мыйзам долбоорун эми Сенат колдосо, ал президенттин кол коюусуна жиберилет.
Азыркы учурда Казакстанда Коопсуздук кеңеши боюнча өзүнчө мыйзам жок. Ал президенттин 1999-жылы чыккан жарлыгынын негизинде гана иштеп келатат.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнү 30 жылдан бери башкарууда.
Булак: NazarNews.kg