www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лимон согунун санап бүткүс пайдалары

Курамындагы витаминдер жана минералдар аркылуу ден соолукка пайдалуу көптөгөн азыктар бар. Алардын арасынан күнүмдүк жашоодо колдонуп жүргөн кадимки лимондун пайдаларын санап бүтпөйсүң. Лимондун курамы С, В витаминдери, фосфор, протеин жана углевод баштаган пайдалуу витаминдерге бай. Лимон жана лимон согунун дагы бир өзгөчөлүгү– арыктатуучу күчкө ээ экендигинде. Мындан тышкары дагы кандай артыкчылыктары бар? Дал ушул негизде лимон согунун пайдаларын тизмеледик.

Лимон кошулган жылуу суу тамак оорусу жана фарингиттен кутулууга жардам берет.

Таттуу жемиш соктору жана башка суусундуктарга карата альтернативдүү болгон лимон согу, айрыкча диабет ооруларына даба болуп, арыктоону каалагандарга табылгыс дары.

Бөйрөктөгү таштан арылууга эң көп лимон согу жардам берет. Адатта бөйрөк ташы организмге кыйынчылык жаратпастан өзү чыгат. Бирок, айрым учурларда зааранын чыгуусуна тоскоол болуп, башка ооруларды жаратышы мүмкүн. Лимон согу организмге жаңыдан суу топтоого өбөлгө түзүп, зааранын суюк түрдө сакталышын шарттайт. Мунун негизинде бөйрөккө таш топтолуусунун алдын алган болот.

Боордогу тамак сиңирүүчү ферменттерди кыймылга келтирүүгө жардам берген сок, кандын кислороддук абалын жөнгө салууда пайдалуу.

Лимондуу суунун курамындагы лимон согу тамак сиңирүүгө керектүү туз кислотасын пайда кылууда маанилүү роль ойнойт.  Айрыкча, кислота даражасын азайтып, подагра оорусунун алдын алат. Тамак сиңирүүдө кыйналгандарга лимон согун ичүү сунуш кылынат. Айыз убагындагы ар кандай оорутуулардан кутулуу үчүн дагы айымдар лимон согун колдонсо болот.

Ар күнү эртең менен мындай суу ичүү менен ич катуунун алдын алсаңыз болот.

Иммундук системаны күчөтүүгө керектүү болгон С витамини жана чөп өсүмдүктөрүнүн булагы болгон лимон согу, организмдин энергиясын арттырат.

Изилдөөлөргө ылайык рактын алдын алуучу артыкчылыктардын бул соктун курамында бар экендиги аныкталган.

Эртең мененкисин бал кошулган лимондуу суу ичип, арыктасаңыз дагы болот.

Тамактан мурун жана жатаар алдында ичилген лимон согу, ревматизмден айыгууга табылгыс дары.

Стрессти азайтып, депрессия жана тынчсыздануулардан кутулууга, кан басымды түшүрүүгө жардам берет.

Кандагы токсиндерди азайтуу менен организмдин тазаланышын камсыздайт. Лимондун курамындагы пайдалуу азыктар организмдеги ар кандай керексиз токсиндерди заара аркылуу чыгарат, б.а. ууланууда дагы колдонуу зарыл.

Тынымсыз колдонулган лимон согу, теринин жандануусун камсыздап, курамындагы антиоксиданттар аркылуу картаюунун алдын алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости