www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда күндүзгү стационарлар жабылды

Буга чейин Баткен облусунда коронавирус илдети менен ооруган жарандарга медициналык жарам көрсөтүү максатында, күндүзгү стационар үчүн 133 имаратта, 1613 орун даярдалган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн 28-августка күндүзгү стационарлар толугу менен жабылды. Анткени акыркы бир жума ичинде күндүзгү стационарга бир да жаран кайрылган эмес.

Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилдерине божомолдонгон оорунун экинчи толкунунда муктаждык жаралса пайдалануу үчүн стационардагы шарттар толугу менен сакталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости