www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишмердүүлүгүндөгү чоң жетишкендиктери үчүн чыгармачыл чөйрөдөгү инсандарга мамлекеттик наамдарды тапшырат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата "КР мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Кыргыз Республикасынын эл артисти ардак наамы:

Шайгүл Алсеитова — Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;

Сталбек Бактыгулов — композитор, "Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсү;

Гульмайрам Ивакова (Момушова) — ырчы, аткаруучу;

Жылдыз Малдыбаева — композитор, "Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсү;

Уркан Урманов — Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин артисти;

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу ардак наамы:

Советбек Байгазиев — жазуучу, Кыргыз билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкери;

Самсак Станалиев — жазуучу, "Ала-Тоо" журналынын башкы редактору;

Кыргыз Республикасынын эл акыны ардак наамы:

Тазагүл Закирова — акын, "Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу" коомдук бирикмесинин мүчөсү;

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген ардак наамы:

Малик Аликеев — Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын "Эл ырчысы Эстебес тобу" фольклордук тобунун солисти;

Гүлшан Конушева — Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын атайын фортепиано кафедрасынын башчысы;

Дүйшөнбек Касымов — Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин артисти;

Рахатбек Көчөрбаев — Бишкек шаарындагы № 5 балдар музыкалык мектебинин комуз классы боюнча мугалими;

Феруза Стамкулова — Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти;

Токтобүбү Черикчиева — ырчы, Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча инструктору;

Дагы башка кесиптин ээлерине ыйгарыла турган сыйлыктардын толук тизмеси президенттин сайтына жарыяланды.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости