www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Литва Беларус менен чек арасына бийиктиги беш метрге жеткен, үстүнө тикенек зым тартылган бетон дубал куруп бүттү. Бул тууралуу жалпы узундугу 502 чакырымды түзгөн чеп курган EPSO-G компаниясы билдирди.

Өлкөнүн премьер-министри Ингрида Шимоните атайын комиссия курулуш иштери толук бүткөнүн ырастаганын айтты.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 679 чакырымды түзөт жана анын 100дөн ашык чакырымы дарыялар, көл аркылуу өтөт.

Литвада миграциялык кризис 2021-жылы жайында жаралган жана Вильнюс чек арасына дубал куруларын былтыр июль айында билдирген.

Ошол маалда Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн келген миңдеген мигрант Беларус аркылуу Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө, Литва, Латвия жана Польшага өтүп кетүүгө аракет кылышкан. Натыйжада жүздөгөн адам чек арада ары же бери кете албай калган.

Вильнюс Минскти миграциялык каатчылыкка байланыштуу айыптаган.

Европа Биримдиги дагы “Минск соңку талаштуу шайлоодон кийин киргизилген санкцияларга жооп кылып, мигранттарды Шаркетке мүчө өлкөлөргө кирүүгө түртүп жатат”,- деп күнөөлөгөн. Беларус дооматтарды четке каккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости