www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ливиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Халифа Хафтар Улуттук макулдук өкмөтүн түзүп жаткан Схират келишими бузулгандыгы тууралуу айтып, өлкөнү башкарууну өз колуна алгандыгы тууралуу жар салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

"Куралдуу күчтөрдүн башкы башкармалыгы өлкөнү башкарууну өз колуна алып, Схират келишиминин жокко чыгарылганы тууралуу маалымдайт. Ар кандай кыйынчылыктарга карабай, биз элдин оюн кабыл алып, башкарууну өзүбүзгө алабыз", - деп билдирген Хафтар.

Ошондой эле ал Ливия элинин кызыкчылыктары дайыма биринчи орунда турарын билдирип, анын башкы максаты өлкөдө демократияны орнотуу, жарандык институттарды элдин эркине жараш негиздөө экенин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости