www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай менен Орусия коронавирус пандемиясына каршы аракеттер тууралуу жалган маалымат таратууну улантууда. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге таянып, Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

«Орусия менен Кытайдын өкүлдөрү НАТОго мүчө өлкөлөр Covid-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө бири-бирин колдобой жатканын, карыган жарандарын коргой албастыгын жана вирустун жайылышына жоопкерчиликтүү экенин билдиришүүдө. Мындай маалыматтар чындыкка дал келбейт. Жакында эле НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлери катышкан телеконференцияда бардыгы биргелешкен иштерди күчөтүүнү жана тездетүүнү колдоп, макулдашууга келишкен. Бизде Москва менен Бээжинде жасалган жалган билдирүүлөрдүн бир нече мисалы бар. Мындай билдирүүлөр НАТО мамлекеттеринин ортосундагы союздук байланыштарга зыян келтирүүдө», — деди уюмдун баш катчысы.

Йенс Столтенберг НАТОнун куралдуу күчтөрү тынымсыз машыгууларды өткөрүп жатканын жана биргелешкен операцияларды жүргүзүүгө даяр экенин белгиледи.

«НАТОнун аскерлери башка аймактардагы өз миссиясын аткарууну да улантып жатат. Мисалы, биз Ооганстандагы миңдеген жоокерлерибиздин күчү менен бул өлкөнүн өкмөтүнө колдоо көрсөтүүнү улантып жатабыз. Мындан тышкары биздин аскерлер Косоводо да бар, алар андагы бардык этникалык топторду коргоого жардам берүүдө», — деди Столтенберг.

Ал союздаштардын аскердик кемелери Эгей дарыясында нөөмөт жүргүзүп, миграциялык каатчылыкты биргелешип жеңүү тууралуу Түркия менен Европа биримдигинин ортосундагы макулдашуунун аткарылышына да көмөктөшүп жатканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости