www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө 2 миң үй-бүлөлүк дарыгер жетишпейт

Кыргызстанда болжол менен 2 миң үй-бүлөлүк дарыгер жетишпейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкармалык жетекчиси Нургүл Ибраева «Ишеним» жана «Ала-Тоо» депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.

Анын айтымында, калкка биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүү тутумунда бир үй-бүлөлүк дарыгерге орто эсеп менен 1300 адам туура келет.

Ибраева белгилегендей, бир бейтапты 15-20 мүнөттө кабыл алганда, дарыгер күнүнө болжол менен 12-15 кишини кабыл ала алат. Бир айда бир адис 200-210дой бейтапты текшерүүгө тийиш.

«Бирок үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздигинен улам иштеп жаткан адистерге өтө чоң жүк түшүүдө», - деди ал.

Последние новости