www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө электр жарыгын өчүрүү минимумга түштү

Учурда энергетиктер болгон күчү менен иштөөдө. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков билдирди.

Ал электр энергиянын өчүү графиги сакталбай жатканын белгилеп, өчүрүүлөр азайганын маалымдады.

“Энергетиканын алы жетип жаткан учурда өчүрүүлөр болгон жок. Бир гана максимум убагында, тактап айтканда, таңкы саат 06:00 - 09:00дө жана кечки саат 18:00 - 21:00дө гана чектөө киргизилип жатат. Азыр өчүрүүлөр дээрлик жок. Абоненттер электр жарыгын өтө көп керектеп койсо айласыздан өчүрүп жатабыз”, - дейт ал.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, Бишкек ЖЭБинде көмүр жетиштүү көлөмдө бар жана ал туруктуу иштөөдө.

 

Последние новости