www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн ашууларындагы жол кыймылынын абалы айтылды

Бүгүн, 12-февралга карата аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.

Азыркы тапта өлкөнүн ашууларында кар майдалап жаап жатат. Тайгак тилкелерге инерттик материалдар себилип, тазалоо иштери жүрүүдө.  Ошондой эле, кечээ Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел, Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө күчүндө калууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат. 

Последние новости