www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү коомчулукта терең кайгы жана нааразылык жаратты. Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров өлүм жазасын кайра киргизүү демилгесин көтөрдү. Ал айрыкча балдарга жана кыз-келиндерге карата жасалган ырайымсыз кылмыштарга катуу жаза талап кылуу керектигин белгиледи.
Бирок бул демилге коомчулукта эки ача ар кыл пикирлерди жаратты. Кыргызстан 1998-жылы өлүм жазасына мораторий киргизип, 2010-жылы аны эл аралык келишим аркылуу толук жойгон. Бул протоколду бузуу өлкөнүн эл аралык беделине жана укуктук абалына терс таасир тийгизиши мүмкүн.
Ал эми 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат. Өлүм жазасын киргизүү үчүн эл аралык протоколду денонсация кылуу жана Баш мыйзамды өзгөртүү зарыл.
Юристтердин пикиринде, жазаны күчөтүү эмес, укуктук системанын ишин жакшыртуу – зомбулуктун алдын алуунун натыйжалуу жолу. “Сезим” кризистик борборунун юристи Клара Сооронкулова белгилегендей, Кыргызстан кошулган эл аралык протоколдон чыгуу техникалык жактан дээрлик мүмкүн эмес.
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк да 2025-жылга карата дүйнөдө өлүм жазасына “орун жок” болушу керектигин айтып чыкты. Ал өлкөлөрдү өлүм жазасын жоюуга же жок дегенде мораторий киргизүүгө чакырып, айрым өлүм жазасы иштеп жаткан өлкөлөрдө айрымдар соттун акыйкат чечими жок эле ак жеринен өлүм жазасына кириптер болуп жаткан жагдайлар бар экенин эскертти.
Мындай кырдаалда жазанын катаалдыгы эмес, жазанын сөзсүз аткарылышы, тергөө жана сот системасынын адилеттүүлүгү негизги маселе болуп турат. Эгерде күнөөлүүлөр жазасыз калбай турган систем түзүлсө, кылмышкерлерди чочуткан эң негизги фактор ошол болмок. Кыргызстанда кылмыштардын көбү жазасыз калганы, укук коргоо жана сот органдарынын ишиндеги кемчиликтер, коррупция жана тергөөнүн сапаты — коомдогу зомбулуктун тамырын тереңдетип келет.
Президенттин демилгеси коомдук санааны түшүнүүгө багытталганы менен, аны ишке ашыруу – өлкөнүн Баш мыйзамын жана эл аралык милдеттенмелерин кайра карап чыгууну талап кылат. Ошол эле учурда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө эмоционалдуу эмес, системдүү жана акылга сыярлык кадамдар керектиги айкын болууда.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана эксперттер адилеттүү сот системасы түзүлмөйүнчө, өлүм жазасы сыяктуу кайтарылгыс чараларга кайрылуу — кооптуу жана опурталдуу кадам экенин эскертишүүдө. Андан да маанилүүсү, өлүм жазасын ката чечим менен колдонуп коюу тобокелчилиги чоң. Бул болсо бейкүнөө адамдардын өмүрүн тобокелге салуу дегенди түшүндүрөт. Андыктан кылмыштуулук менен күрөшүүдө эмоцияга эмес, укуктук логикага, системдүү реформага жана адам укуктарына негизделген чечимдерге таянуу бүгүнкү күндүн башкы талабы.