www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Электрондук тамекилерди мыйзамсыз сатууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына “Соке” каймана аттуу жаран электрондук тамекилердин (вейп) ири партиясын сатууга аракеттенип жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (экономикалык аткезчилик) менен кылмыш иши козголгон.
2025-жылдын 19-сентябрь күнү соода борборлорунун биринде жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 500дөн ашык электрондук тамекини (вейп) сатуу менен алектенген жарандар-2004-жылы туулган И.С., 2003-жылы туулган А.А., 1988-жылы туулган К.А. кармалган.
Азыркы учурда алынган электрондук тамекилердин келип чыгышын жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү ыкмаларын аныктоого багытталган кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
Эске салсак, вейптерди жана алар үчүн суюктуктарды Кыргызстанга алып келүүгө Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы №387 сандуу токтомунун негизинде тыюу салынган. Ал эми, импортко тыюу салуу “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Мыйзамды ишке ашыруу үчүн киргизилген.