www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен шаарында жайгашкан «Төрт-Күл көчмө механикалаштырылган колоннасынын» мүлк комплекси жана ага чектеш аймак мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп берүүсү аныкталды.

УКМКдан билдиришкендей, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, автоматташтырылган маалыматтык системада катталган тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын негизинде «Төрт-Күл КМК» АКнын жетекчилиги өз аракеттеринин мыйзамсыз экенин моюнга алып, жалпы аянты 0,63 гектар болгон мүлк комплексти ыктыярдуу түрдө шаардык мэриянын балансына өткөрүп берди.

УКМК бул багыттагы мыйзамсыз өткөрүлгөн социалдык инфраструктура объектилерин жана жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.

Последние новости