www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лукашенко Беларусь өлкөсүнөн учуп кетти

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенкого жана анын үй-бүлөсүнө тиешелүү учак Беларусь өлкөсүнүн аймагынан учуп чыгып кетти. Бул тууралуу дүйнөлүк  басылмалар жазышуда.

Маалыматка ылайык, учактын экипаждары алдын ала пландаштырылган жана президенттин учагынын учкучтары аэропортто түнөшкөн. Учактын Түркияга конгону айтылууда. Учакта Александр Лукашенконун дагы бар болушу мүмкүн экендиги кабарланууда. Учакта анын үй-бүлө мүчөлөрү болушу мүмкүн.

9-августта Беларусь өлкөсүндө президенттик шайлоого добуш берүү аяктаган. Добуш берүүнүн жыйынтыгында учурдагы президент Лукашенко 79,7 пайыз добушка ээ болгон (анын башкы атаандашы Светлана Тихановская - 6,8 пайыз) Мындан улам, Минск шаарында нааразычылык акциясы күчөп, баш аламандык жаралган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости