www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч жолу үйлөнүп, үч жолу ажырашкан 38 жаштагы жаран 20 жаштагы кызды Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна ала качып кеткен. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза  Абдрасулова билдирди.

Анын айтымында, ала качуудан жабыркаган кыз кулпунай талаасында иштеп жүргөн. Аны менен кошо иштеп жүргөн аял кызды талаада күн ысыкта кыйналбай, кафеге жумушка чакырган. Кыз макул болуп, аял менен кошо жумушка баруу үчүн таксиге отурган. Бирок автоунаадагы 3 жаран кызды түп районуна ала качып кеткен. Жолдо бара жатып кыздын телефонун алып алышып, орой мамиле кылышкандыктан, жабырлануучу “Мени өлтүрүп органга сатат” деп ойлоп барган. Кыздын жакындары билгенден кийин барып алып кетишкен. Ал түн ичинде уктабай, шок болуп өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Ала качкан 3 жаран кармалып, сурак беришүүдө.

Укук коргоо борборунун жетекчиси билдиргендей, учурда шектүүлөрдүн туугандары кызга жана анын ата-энесине кысым көрсөтүп жатышат.

"Шектүүлөрдүн туугандары эртеден кечке кыздын үйүнүн жанында турушкан. Элдешүү үчүн бир кочкор алып келишти. Азыр алар каршы арыз жазууну суранып жатышат", -деп билдирди Абдрасулова.

Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү кыздын уурдалгандыгын тастыктады. Аталган факт КЖБРге "никеге туруу үчүн ала качуу" беренеси боюнча катталган.

Учурда үч шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө иштери жүрүп жатат. Кийинчерээк маалымат берилет ”, - деп билдиришти Ички иштер башкармалыгынан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости