www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-августта Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев кызматтан кетүү арызын жазды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

"Мен бүгүн өз каалоом менен Ысык-Көл районунун администрациясынын башчысы кызматынан кетүүнү чечтим. Жергиликтүү кеңештин тандоосу менен мындан төрт жыл мурда ушул кызматка келген элем. Төрт жыл аралыгында колумдан келишинче элге кызмат кылууга аракет кылдым. Башка өлкөлөрдүн катарында мекенибизди каптаган коронавирус менен күрөшүү оңойго турган жок. Бир тарабынан жергиликтүү тургундардын ден соолугу, экинчи жагынан эс алуучулардын саламаттыгынын жоопкерчилиги турду.

Тилекке каршы районубузда да жоготуулар болду. Бирок, ошого карабай медиктердин, шаар, айыл жаштарынын, ыктыярчылардын, колдоочулардын күжүрмөн эмгеги менен абалды турукташтырууга жетиштик. Ушул төрт жылда өлкө жетекчилигинин жана өкмөттүн колдоосу, тапшырмасы менен көптөгөн жакшы иштер жасалды. I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө акимдин орун басары катары, калган экөөнү аким катары ийгиликтүү өтүшүнө мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче далалат көрдүм жана эмгегибиз акталып аталган иш-чаралар жакшы өттү. Элибизде тынчтык болсун! Калкыбыздын саламаттыгы бекем, жашоосу бакубат болуп, ар бир үйдөн баланын күлкүсү жаңырып турсун", - деп жазган Иманалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости