www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларустун президенти Александр Лукашенко бүгүн, 24-декабрда Орусияга иш сапары менен учуп, ал жердеги Юрий Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо борборуна барат. Бул тууралуу БелТА агенттиги билдирди.
«Беларусь президенти Александр Лукашенко Орусия Федерациясына иш сапары менен учуп кетти», - деп айтылат билдирүүсүндө.
Белгиленгендей, Беларусь лидери борбордун иши менен таанышып, ошондой эле космонавттарды тандоо жана даярдоо системасын карайт. Мындан тышкары, республиканын башчысы космос тармагында Орусия менен эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы келечегин талкуулоого ниеттенүүдө.
Эске салсак, ушул аптада, 19-ноябрда Беларус лидери Минскиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан. KP.RU сайты жазгандай, саясатчылар бир нече маанилүү темаларды талкуулашты, анын ичинде санкциялар менен эффективдүү күрөшүү, жаңы аскердик техниканы түзүү үстүндө иштөө жана биргелешкен машыгууларды өткөрүү практикасын улантуу.
Булак: NazarNews.kg