www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун президенти Александр Лукашенко Минск шаарынын мүлкүнө зыян келтирилсе, нааразылык акциялардын катышуучуларын каржы жоопкерчилигине тартууну талап кылды. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик «БелТА» маалымат агенттиги билдирди.

«Минсктин көчөлөрүндөгү башаламандыктардан кийин зыянга учураган мүлктөрдү эч ким төлөгөн жок. Аларга биздин жакшы эле акчабыз кеткен. Бир нерсени буздуңбу, төлөшүң керек. Адамдар ушуну түшүнүүсү зарыл», — деди Лукашенко.

Мындан тышкары ал жарандардын нааразылык акцияларда балдарын ээрчитип жүргөнү туура эмес экенин билдирди. «Дээрлик ар бирибиздин эле балдарыбыз бар. Кичинекей балдарды көчөдөгү акцияларга алып чыгуу туура эмес. Ар кандай чагымдар болуп кетсе эмне болот?», — деди Лукашенко.

Буга чейин айрым басылмалар митингдердин жүрүшүндө Беларустун тургундары тартипти, тазалыкты сактап, отургучтардын үстүнө бут кийимдерин чечип чыгып жатышканын жазышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости