www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусь президенти Александр Лукашенко нааразычылык акцияларына катышкандарды кармоого байланыштуу ыкма өзгөргөнүн билдирди. Анын айтымында, эми ар бир митингге чыккан жаранды видеобайкоолор боюнча аныктап, жоопкерчиликке тартылат.

«Алардын Минсктин көчөлөрүндө тентип жүргөнү туура эмес. Биз эми кармоо ыкмаларыбызды өзгөртүп, аларды видеобайкоо аркылуу табабыз. Азыркы заманбап технологиялар буга мүмкүнчүлүк берет. Ар бир митингге чыккан жаран өз кылмышы үчүн жооп берет», — деп билдирген Лукашенко.

Ошондой эле Лукашенко бир катар ЖОЖдордун ректорлорун да кызматтан алган. Буга ошол окуу жайлардын студенттеринин нааразычылык акцияларына чыгып кеткени себеп болгон.

Эске салсак, Беларусияда Лукашенконун шайлоодого жеңишине нааразы болгон эл, ар жекшемби күнү Минск көчөлөрүндө анын отставкасын талап кылып келет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости