www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко Минск шаарындагы Көзкарандысыздык аянтында өтүп жаткан өкмөттү колдогон митинг учурунда эч качан Беларуссиядан баш тартпай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Gazeta.ru жазды.

"Өлгөнүмдө да, мен сизге өлкөнү бербеймин!", - деди Лукашенко.

Ал ошондой эле Беларуссиянын бардык региондорундагы жактоочуларына Минск шаарындагы митингге келгени үчүн ыраазычылык билдирди.

Буга чейин Лукашенконун өлкөдөгү тынчтык жана бейпилдик үчүн митинг учурунда трибунага чыккандыгы кабарланган.

9-августта Беларуссияда президенттик шайлоо болуп өттү. Республикада шайлоо участоктору жабылгандан кийин, жыйынтыгын бурмалоого каршы массалык нааразычылык акциялары башталган эле. Нааразычылык акциясынын жүрүшүндө полиция жана ички аскерлер демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ, гранаталар жана резина окторду колдонушкан.

Кийинчерээк, өлкөнүн ири өнөр жай ишканаларында иш таштоолор башталды, кызматкерлер жаңы шайлоону жана демонстрацияларга чыккандарга катаал мамиле жасоону токтотууну талап кылышты. Оппозициялык талапкерлердин баардык штабы шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости