www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги пандемиянын айынан той өткөрүүгө уруксат берилбей турган тушта, Борбордук шайлоо комиссиясы ырчылар шайлоонун үгүт иштерине катышпайт деген чечим чыгарды. Бул чечим шайлоодо каражат таап, маселелерибизди чечип алабыз деген ырчыларга оор тийген жокпу деген суроо менен айрым ырчыларга суроо узаттык.
-Мен тойдон, шайлоодон нан тапканыма сүйүнүп, сүлкүлдөп жасана кийинип, элден өзгөчө болуп билинип, жарыя берип жүгүрүп жүргөндөрдүн тобуна кирбейм. Той концерттик залдардын бош калышына шарт түздү. Концерттик кийимдер тойлорго кийилип калганы да туура көрүнүш эмес. Шайлоодо ырчылардын баары эле акча таап жатат деп ойлогон туура эмес. Ырды бизнес кылган ырчылардын бир катмары эле. Ал эми элге мурунтан эмгеги сиңген, өз талантын гана демөөр кылып, мамлекеттин болор-болбос маянасына жан багып, өнөрүн таштап кете албай жүргөн кыргыз маданиятынын чыныгы солдаттары жөнүндө эч ким ойлонбойт. Себеби, бийликтегилердин баары өздөрү жалдап алган ырчылардай жасалма. Ошондуктан маданият кызматкерлер жыргап жашап жатат, кыргыз маданияты гүлдөп жатат деп ойлошот. Быйылкы шарт мына ушундай халтуралардын жүзүн ачты. Бул жакшы көрүнүш.
Булак: NazarNews.kg