www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларус президенти Александр Лукашенко Минск шаарына жакын жердеги санаторийде кармалган орус жарандарынын айрымдарын Украинага өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди. Ал украиналык журналист Дмитрий Гордон менен маектешкенде прокуратура жана башка күч органдарына буга байланыштуу тапшырма берилерин айтты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда. 

Мунун алдында Лукашенко менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефондон сүйлөшкөн. Зеленский кармалгандардын арасындагы Донбасстагы куралдуу кагылыштарга катышкандарды Киевге өткөрүп берүүнү өтүнгөн.

Өткөн айдын аягында беларус атайын кызматы Минскиге жакын жерден Орусиядагы «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын жалданмалары болушу ыктымал деген 33 адам кармалганын билдирген. Аларга Беларуста президенттик шайлоонун алдында массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүп жатышкан деген айып коюлган.

Москва болсо мындай дооматты четке кагып, алар Минск аркылуу башка өлкөгө бара жаткан деп билдирип келет. Орусиянын Тышкы иштер минстрлигининин басма сөз катчысы Мария Захарова Москва Минскиде кармалгандарды "чекесинен черттирбесин" эскерткен.

Буга чейин «Вагнер жеке аскердик уюму» Орусиянын президенти Владимир Путиндин «ашпозчусу» атыккан олигарх Евгений Пригожинге таандык экени, анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу бир катар маалыматтар чыккан. Бирок Пригожин да, Кремль да мындай аскердик түзүмдөр бар экенин расмий түрдө бышыктаган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости