www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялардын ичинен төрт партия шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттар жана буга чейинки чыгымдар тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына маалымат берди.

Алардын катарында «Мекеним Кыргызстан», «Социал-демократтар» партиялары, «Кыргызстандын жашылдар партиясы» жана «Бир Бол» партиясы бар.

БШКнын маалыматына ылайык, "башка партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы азырынча жок" деп белгиленди.

"Президенттик жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебине канча каражат түшкөнү жана ал кандай чыгымдалганы тууралуу маалыматты БШКга жума сайын берип турууга милдеттүү. Ал маалыматтарды өз кезегинде БШК өз сайтына жайгаштырат.

Буга чейин шайлоого катышуу ниетин билдирген 44 саясий партиянын 41и БШК аныктаган «РСК Банкы» менен «Айыл Банкта» атайын эсеп ачып, шайлоо фонддорун түзгөн.

БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 30-июлуна карата 41и мекеме аныктаган эки банкта («РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК) атайын эсептерин ачып, шайлоо фонддорун түзгөнүн билдирген.

Парламенттик шайлоого катышкысы келерин 44 саясий партия жарыялаган. Эми алар курултайларын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекиткенден кийин БШК партиянын шайлоого талапкердигин аныктайт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости