www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өтүп, анын жүрүшүндө Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана уюмдарында медициналык жабдуулардын, керектелүүчү материалдардын, дары-дармектердин жана жеке коргонуучу каражаттардын бар экени жана муктаждыктар тууралуу жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча маалыматтар айтылды.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, премьер-министр Кубатбек Боронов рентген-аппараттарын сатып алуу маселеси жетиштүү деңгээлде иштелип чыкпаганы үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигинин ишин сынга алды.

Өкмөт башчы жогоруда айтылган маселени ыкчам тартипте чечип, сатып алуу процессин тездетүүнү тапшырды.

Тармактык мамлекеттик органдарга, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде баштапкы медициналык-санитардык жардам чөйрөсүндө адистердин дараметин көтөрүү, медициналык мекемелерде санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоону катуу көзөмөлдөө, ошондой эле үймө-үй кыдыруу иш чарасын күчөтүү тапшырмалары бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости